Биз менен байланышыңыз

ФСБ «Вагнерге» каршы козголгон кылмыш ишин токтотту

Дүйнө , Кыска кабар | 27 Июн 2023 | 346 | 0

Орусиянын федералдык коопсуздук кызматы (ФСБ) «Вагнер» жеке аскердик компаниясынын башчысы Евгений Пригожинге карата козголгон кылмыш иши токтотулганын жарыялады.

Мекеменин билдирүүсүндө коопсуздук кызматы «козголоңдун катышуучулары түздөн-түз кылмыш жасоого багытталган аракеттерди токтоткондугун аныктады» деп айтылат.

26-июнда Пригожинге каршы иш жабыла электигин Башкы прокуратурадагы булагына таянып, «РИА Новости» агенттиги жазган.

Пригожин аскердик төңкөрүш аракетинен кийин алгачкы жолу үн катты

24-июнь күнү эртең менен «вагнерчилер» Ростов-на-Донудагы аскердик объектилерди көзөмөгө алганы жарыяланып, Москвага бет алышкан. Орусиянын федералдык кызматы Евгений Пригожинге каршы кылмыш ишин козгогон.

24-июндун кечинде Беларусиянын президенти Александр Лукашенко Пригожин менен сүйлөшүү жүргүзүп, «вагнерчилердин» куралдуу кыймылын токтотууга келишишкен. Ошол эле кечте «Вагнердин» жалданма аскерлери Ростов-на-Дону шаарынан чыгып кете баштаган.

Буга чейин Кремлдин басма сөз катчысы Дмитрий Песков макулдашууга ылайык, Евгений Пригожинге каршы кылмыш иши токтотулуп, өзү Беларуска барарын билдирген.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM