Биз менен байланышыңыз

Пригожин аскердик төңкөрүш аракетинен кийин алгачкы жолу үн катты

Дүйнө , Кыска кабар | 27 Июн 2023 | 569 | 0

Жекшемби күнү болгон Орусиядагы аскерий төңкөрүш аракетинен кийин «Вагнер» башчысы Евгений Пригожин алгачкы жолу үн катты. Бул тууралуу Meduza басылмасы жазды.

Менчик аскер компаниясын жетектеген Евгений Пригожин 24-июндагы аракеттери тууралуу «Биз 2022-жылдын 24-февралы мына ушундай болушу керектиги тууралуу чеберчилик сабак көрсөттүк», — деп айтты.

Ал эмнеге Орусиянын Коргоо министрлигине каршы баш көтөргөнүн төмөнкүчө түшүндүрдү:

«Бут тосуулардын жана жаңылыш чечимдердин негизинде «Вагнер» жеке аскердик компаниясы ишин 1-июлдан тарта токтотмок. Көпчүлүк жоокерлер түз эле бута болорун билип, Коргоо министрлиги менен келишим түзүүдөн баш тартты. 1-2%ы гана макулдашты. Биз 30-июнда атайын аскердик операция штабынын алдына барып, техникаларды тапшырмакпыз. Эч кандай баскынчылыкка барган жокпуз, бирок бизге ракеталык чабуул коюп, 30 жоокер каза тапты. Албетте буга унчукпай карап тургубуз келбеди. Мен башында эле айткам, эч кандай баскынчылык кылбайбыз, бирок бизге сокку урганга жооп беребиз», — деген Евгений Пригожин.

Ал Орусиянын аскердик авиациясына урган соккусу үчүн өкүнгөнүн айтып, бирок аларга бомба таштаганы үчүн ушундай кадамга барганын кошумчалады.

«Биз жолубуздагы бир катар аскердик жайларды ээлеп, курчоого алдык. Бирок бир да жоокерди өлтүргөн жокпуз. Бизге Коргоо министрлигинин бир катар жарадар аскерлери өз каалоосу менен кошулган болчу. Мындай жүрүштүн максаты «Вагнерди» жок кылууга жасалган аракетти токтотуу жана атайын аскердик операция штабынын ката кетирген жетекчилерин жоопко тартуу болчу» — деп айткан Пригожин.

Ал өзүнүн бул жүрүшү өлкөдөгү коопсуздук маселесиндеги бир топ көйгөйдү ачып койгонун билдирди. Жыйырма төрт саатта орус армиясынын 2022-жылдын 24-февралдагы Украинага кол салган учурундагы аймактын аянтына тең аралыкты басып өткөнүн, эгер орус армиясынын ордуна «Вагнер» бул кол салууну аткарганда Киевди алып койсо боло турганын да айткан маегинде.

«Биз бир суткада Москвага 200 км калгандай жерге чейин жетип бардык. Ростовду көзөмөлгө алдык. Жергиликтүү калк биздин келгенибизге аябай сүйүндү. Биз чеберчилик сабак көргөздүк. Биздин максат азыркы режимди кулатуу же легитимдүү бийликти алып коюу болгон эмес. Биз болгону көп кан төгүлүп кетпесин деп артка кайттык», — деп билдирген.

Пргожиндин бул комментарийин анын маалымат кызматы кечээ, 26-июнда таратты.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM