Биз менен байланышыңыз

Каржылык мыйзамды эң көп бузган үч мамлекеттик мекеме айтылды

Кыска кабар | 21 Июн 2023 | 318 | 0

2022-жылдын жыйынтыгына ылайык, мамлекеттик мекемелердин ичинен Мүлктү башкаруу фондунда (ФУГИ), Салык кызматында, Бажы кызматында бюджеттин аткарылышы боюнча эң көп мыйзам бузуулар катталган.

Мындай маалыматты Эсептөө палатасынын төрагасы Алмазбек Акматов парламенттин 21-июндагы жыйынында депутат Балбак Түлөбаевдин суроосуна жооп берип жатып айтты.

Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунун карамагына «Кумтөр голд компани» ишканасы, «Кыргыз темир жолу», «Манас» эл аралык аэропорту кирет. «Кыргыз темир жолу» ишканасында 6,5 млрд сомго чейин, «Манас» эл аралык аэропортунда 4,5 млрд сомго чейин мыйзам бузуулар бар.

Алмазбек Акматов Айыл чарба, Санариптик өнүктүрүү, Транспорт жана коммуникациялар министрликтеринин эки жылдык иши текшерилип жатканын, маалымат жакында берилерин маалымдады.

Бүгүн парламентте Эсептөө палатасынын төрагасы 2022-жылы жасаган иштери боюнча отчёт берди. Баяндама буга чейин Бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат комитетинде каралган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM