Биз менен байланышыңыз

Августта органдарды трансплантациялоо боюнча биринчи операция өтөт

Кыска кабар | 16 Июн 2023 | 229 | 0

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 16-июнда дары-дармек өндүрүү үчүн тийиштүү шарттар түзүлбөгөнүн сындады. Кеңешмеде министрликке караштуу «Кыргызфармация» ишканасына бөлүнгөн каражат, Бишкектеги Кыргыз-Түрк «Достук» ооруканасынын базасында ички органдарды трансплантациялоону уюштуруу мүмкүнчүлүгү каралды.

«Кыргызфармация» мамлекеттик ишканасына 30 млн сом мамлекеттик насыя алынган, дары-дармек өндүрүү боюнча алдыңкы жети чет өлкөлүк завод менен келишимдер түзүлгөнү айтылды. Бул чара өлкөдөгү дары-дармекке болгон муктаждыктын 10 пайызын жабууга мүмкүндүк берет, үнөмдөө 115 млн сомду түзөт.

Садыр Жапаров «Кыргызфармация» ишканасына азыркыга чейин бюджеттен 1 млрд сом каражат бөлүнбөгөнүн сындады.

«Эгер казынада акча жок болсо, мен да түшүнүү менен мамиле кылмакмын, бирок бош акча каражаттары бар да, биз аны алгач ушул мамлекеттик ишканага бөлүп берүүнү пландаганбыз. Биз мамлекеттик дарылоо мекемелерин, калкты жеткиликтүү баадагы дары-дармек менен камсыз кылуу боюнча мамилени толугу менен өзгөрткүбүз келет. Өндүргөн заводдордон түз жеткирүүлөрдү ишке ашыруунун эсебинен медициналык препараттардын наркынын төмөндөшүн күтүп жатабыз, бирок силер өз аракеттериңер менен бул процессти эртелетпей, жайлатып жатасыңар. Мамлекеттик ишканага шашылыш түрдө 1 млрд сом бөлүп берүү үчүн силерге бир жумалык мөөнөт берилет», — деди Жапаров.

Мындан тышкары Кыргыз-Түрк «Достук» ооруканасынын базасында ички органдарды трансплантациялоону уюштуруу маселеси каралды.

Оорукананын жетекчилиги мекеме мындай операцияларды жасоого даяр экенин, бул үчүн керектүү ресурс бар экенин маалымдады. Үстүбүздөгү жылдын август айында органдарды трансплантациялоо боюнча биринчи операцияны өткөрүү пландалууда. Келечекте бул оорукана Борбор Азиядагы алдыңкы медициналык борбор болот.

Президенттин маалыматында, Кыргызстанда мындай операциялар 10 миң АКШ долларынын тегерегинде болот.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM