Биз менен байланышыңыз

Садыр Жапаров Казакстандагы форумда суу маселесин көтөрдү

Кыска кабар | 8 Июн 2023 | 391 | 0

Бүгүн, 8-июнда президент Садыр Жапаров Астана эл аралык форумунда Борбор Азия өлкөлөрүнүн кооперациясынын артыкчылыктары тууралуу айтты.

Жапаров Борбор Азиянын мүмкүнчүлүктөрү жана чакырыктары ар түрдүү экенин белгилеп, жаратылыш ресурстарынын запастары, демографиялык потенциал, Евразиянын борборундагы транзиттик мүмкүнчүлүктөр биргелешкен пайдалуу кызматташтык жана өнүгүү үчүн бардык шарттарды түзөрүн айтты.

Садыр Жапаров климаттын өзгөрүшүнүн терс кесепеттери мөңгүлөрдүн эриши, ар кандай табигый кырсыктардын көбөйүшүнө алып келип, социалдык-экономикалык өнүгүү жана азык-түлүк коопсуздугу үчүн чоң коркунучтарды жараткандыгын белгиледи.

Кыргызстанда суу ресурстарын натыйжалуу пайдалануу, социалдык, экономикалык жана экологиялык максаттарга жетүү үчүн суу ресурстарын интеграцияланган түрдө башкаруу принциптерин киргизүү маселесине өзгөчө маани берилерин айтты.

«Биз мыйзамдарды, анын ичинде Кыргыз Республикасынын Суу кодексин жаңылоо процессин баштадык. 2023-жылдын февралында өлкөнү 2040-жылга чейин өнүктүрүү боюнча улуттук суу стратегиясы кабыл алынган, анын алкагында Кыргызстан өзүнө сууларды мамлекеттик эсепке алууну жана экологиялык абалды жакшыртуу, коопсуз жана сапаттуу суу менен камсыз кылуу, саркынды сууларды чыгаруу, суу боюнча бирдиктүү маалыматтык системаны санариптик трансформациялоо, сууну сарамжалдуу пайдалануу үчүн башкаруунун туруктуу экономикалык механизмдерин түзүү, гидрографиялык принцип боюнча бассейндик башкаруу органдарын түзүү боюнча милдеттенмелерди алат. Кыргызстандын суу ресурстары түзүлгөн зонада жайгашкандыгы, ошондой эле коңшу өлкөлөр пайдаланган жагдай биздин бүткүл регион алдындагы чоң жоопкерчилигибизди шарттагандыгын өзгөчө белгилеп кетким келет. Кыргызстан бул тармакта кызматташууну региондун бардык өлкөлөрүнүн кызыкчылыктарына жооп берген, адилеттүү, акылга сыярлык жана тең укуктуу негизде ишке ашыруунун маанилүүлүгүн жактайт», — деп белгиледи Садыр Жапаров.

Copyright © 2017 Maral FM