Биз менен байланышыңыз

Бир аптада 137 мас айдоочу кармалды

Кыска кабар | 5 Июн 2023 | 142 | 0

Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы тарабынан 29-майдан 4-июнга чейин жол эрежесин бузгандарга карата рейд жүргүзүлүп, 19 миң 848 бузуу фактылары аныкталды.

Анын ичинен 137 адам мас абалында унаа айдаганы, 57 айдоочу автоунаанын терезелерин мыйзамсыз караңгылатканы аныкталды. Ошондой эле тийиштүү документтери жок машине айдаган 169 адам, жалган мамлекеттик номуру менен үч айдоочу кармалды.

Мындан тышкары, транспорт каражаттарынын эксплуатациялоо эрежелерин бузуу боюнча 5705, авто ээнбаштык – 26, белгиленген ылдамдыктан ашуу – 3212, башка жол эрежелерин бузуу фактылары – 10071.

Ал эми жөө жүргүнчүлөр катышкан жол эреже бузуулар – 468.

Ар кандай жол эрежелерин бузгандыгы үчүн 1369 автоунаа айып короо жайына токтотулган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM