Биз менен байланышыңыз

Ишкерлерге бизнести башкарууну үйрөткөн акысыз онлайн курс өткөрүлүүдө

Кыска кабар | 5 Июн 2023 | 337 | 0

Ишкерлерге бизнести башкарууну үйрөткөн акысыз онлайн курс өткөрүлүп жатат. Бул тууралуу «Маралга» Ишкердикти колдоо борборунан кабарлашты. Маалыматка караганда, бул курсту буга чейин акы төлөп окуп келишкен.

Ишкер, консультант Данияр Аманалиевдин MiniMBA бизнести башкаруу боюнча онлайн курсунун 5 модулунун биринчиси «Маркетинг жана сатуу» деп аталат.

Бизнести башкарууну акысыз үйрөнүүнү каалагандар төмөнкү шилтеме аркылуу жазылышы керек.  https://www.youtube.com/@ikb_cpp 

Бул курстан маркетинг жана сатуу деген эмне, маркетингдин натыйжалуулугун кантип өлчөө керек, сегментациянын түрлөрү, позициялоо, аудиторияга көңүл буруу, минималдуу жашоого жөндөмдүү продукт эмне? Ушул сыяктуу суроолорго жооп ала аласыз.

Курсту аяктагандар кыска онлайн тесттен өтүп, курсту ийгиликтүү аяктагандыгы тууралуу PDF түрүндө сертификат ала алат.

Толук маалыматты борбордун сайты аркылуу окусаңыз болот: www.ishker.kg  

Бул курс Европа коопсуздук келишим уюмунун Бишкектеги Программалык кеңсесинин каржылык колдоосу менен ЖИА бизнес ассоциациясынын демилгеси астында иштеп жаткан Ишкердикти колдоо борбору тарабынан иштелип чыккан.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM