Биз менен байланышыңыз

20-майда абитуриенттер үчүн жалпы республикалык тестирлөө өтөт

Кыска кабар | 19 мая 2023 | 217 | 0

Эртең, 20-майда жогорку окуу жайларга тапшыруу үчүн абитуриенттер жалпы республикалык тестирлөөгө катышат. Бүгүн тест борборлорун даярдоо жана каттоого жетишпей калган абитуриенттер үчүн кошумча каттоо жүрүүдө.

Тесттин биринчи этабы 20-21-майда, экинчи этабы 23-24-майда, үчүнчү этап 23-24-июнда өтөт.

Жүйөлүү себептер менен тест тапшырбай калган абитуриенттер үчүн мөөнөтүнөн кийинкиге калтырылган тестирлөө 22-июнь күнү болот.

2023-жылдын 3-мартынан 7-апрелине чейин жүргүзүлгөн каттоого жалпы 47 миң 383 абитуриент катталган. Андан кыргыз тилинде тапшыра тургандар – 28 миң 120, орус тилин тандагандар – 19 миң 263.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM