Биз менен байланышыңыз

Казакстан менен Кытай визасыз режим боюнча макулдашууга кол койду

Дүйнө , Кыска кабар | 18 мая 2023 | 337 | 0

Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаевдин Кытайга жасаган мамлекеттик сапарынын алкагында 23 документке кол коюлду. Алардын арасында эки өлкөнүн ортосунда өз ара визасыз режим киргизүү тууралуу макулдашуу да бар.

Документке ылайык, казакстандыктар Кытайда, ал эми кытайлыктар Казакстанда чек арадан кирген күндөн тарта 30 күндөн ашпаган мөөнөттө (жалпысынан 180 күндүн ичинде 90 күн) визасыз жүрө алышат.

Казакстан өткөн жылы июлда Кытайдын, Индиянын жана Ирандын жарандары үчүн 14 күндүк визасыз режим киргизген.

Казакстандын бийлиги бул макулдашууга кол коюу эки өлкөнүн ортосундагы кызматташтыкты бекемдөөгө түрткү болорун билдирүүдө.

Казакстанда төрт күндүк иш жумалыгы киргизилет

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM