Биз менен байланышыңыз

Түркияда президенттик шайлоонун экинчи айлампасы болушу мүмкүн

Дүйнө , Кыска кабар | 15 мая 2023 | 471 | 0

Түркияда 14-майда өткөн президенттик шайлоодо талапкерлердин бири да биринчи айлампада жеңишке жетүүгө мүмкүндүк берген 50% чектен аша алган жок.

Өлкөнүн мамлекеттик TRT телеканалы бюллетендердин 98,61%ы саналып бүткөндөн кийинки жыйынтыктарга таянып, азыркы мамлекет башчысы Режеп Тайип Эрдоган шайлоочулардын 49,34%ынын, анын негизги атаандашы Кемал Кылычдароглу 45%ынын добушун алганын кабарлады.

Ошол эле маалда Кылычдароглу жыйынтыктар менен макул эмес экенин, алты партиядан турган оппозициялык альянстын эсебинде Эрдоган артта калып жатканын билдирүүдө.

Эгер алдыда келаткан эки талапкер тең шайлоочулардын 50%дан көбүнүн колдоосуна ээ боло албаса, Эрдоган менен Кылычдароглу шайлоонун экинчи айлампасына чыгышы мүмкүн. Экинчи айлампа 28-майда өтөрү болжолдонууда.

Түркиялык шайлоочулар жекшембиде парламенттик шайлоого да добуш беришти. Парламенттеги 600 орун үчүн жалпысынан 24 саясий партия ат салышты. Акыркы маалыматтарга караганда, Режеп Тайип Ердогандын «Адилет жана өнүгүү» партиясы (АК партия) 35,4% менен алдыда келе жатат.

Copyright © 2017 Maral FM