Биз менен байланышыңыз

УКМКнын Киберкоопсуздук боюнча координациялык борборунун жаңы имараты ачылды

Кыска кабар | 14 мая 2023 | 135 | 0

13-майда президент Садыр Жапаров Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Киберкоопсуздук боюнча координациялык борборунун жаңы имаратынын ачылышына катышты. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, өлкөнүн киберкоопсуздугун камсыздай турган заманбап борбор эл аралык стандарттарга жооп берген акыркы технологиялык жабдуулар, аппараттык жана программалык камсыздоо системалары менен жабдылган. Бул багытта тиешелүү иштерди жүргүзүү үчүн бардык зарыл шарттары түзүлгөн.

Борбор киберкоопсуздукту камсыздоо, компьютердик чабуулдарды аныктоо, алдын алуу жана бөгөт коюу боюнча мамлекеттик органдардын, компьютердик кагылышуу, түшүнбөстүктөргө каршы аракеттенүү борборлорунун ишин координациялайт.

Садыр Жапаров учурда улуттук экономиканы санариптик трансформациялоо багытында жигердүү кадамдар жасалып, жарандардын заманбап электрондук кызматтарга жетишүүсүн камсыз кылуу үчүн болгон күч-аракеттер жумшалып жатканын кошумчалады.

«Өлкөнүн улуттук коопсуздугун камсыз кылуунун жалпы тутумундагы бул жаңы багыт азыркы учурда калыптануу стадиясында десем болот. Ошентсе да акыркы учурлардагы мамлекеттик жана башка маалымат тутумдарына жасалган хакердик чабуулдарды эске алганыбызда, бул тармакты тез арада сапаттуу деңгээлге көтөрүп, өнүктүрүүнү мезгил өзү талап кылууда», — деди Жапаров.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM