Биз менен байланышыңыз

Курсант кызды өлтүрүүгө айыпталган адам качып кетеринде кармалды

Кыска кабар | 12 мая 2023 | 689 | 0

ИИМ академиясынын курсанты, 1998-жылы туулган Айза Улан кызынын өлүмүнө айыпталган У.Э.Н. өлкөдөн чыгып кетүүгө камылга көрүп жатканда кармалды. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын маалымат кызматы кабарлады.

Эске салсак, 9-январда Жибек Жолу көчөсү менен Республика көчөсүнүн кесилишинен «Тойота» үлгүсүндөгү унаа Айза Улан кызын сүзүп, айдоочу окуя болгон жерден качып кеткен. Кылмышка шектүү үч күндөн кийин кармалып, камакка алынган. Ал мурда ички иштер органында кызмат өтөгөнү айтылган. Көп өтпөй, оорусуна байланыштуу үй камагына чыгарылган.

Бул ишти Бишкек шаардык прокуратурасы тергеп жаткан. Тергөөнүн жүрүшүндө, кырсык учурунда унааны У.Э.Н. айдап жүргөнү, бирок уулун кылмыш жоопкерчилигинен коргоп калуу максатында атасы У.Н.А. «кылмышты мен жасадым» деп жалган көрсөтмө бергени, анын бул кадамга майыптыгы камакка алууга жол бербесин жакшы билгендиктен барганы аныкталган.

Чыныгы айыптуу өлкөдөн мыйзамсыз чыгууга камылга көрүп жаткан жеринен кармалып, Бишкек шаардык милициясынын убактылуу кармоочу жайына камакка алынган.

Учурда бул ишти шаардык прокуратура тергеп жатат.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM