Биз менен байланышыңыз

УКМК: Баткенде аткезчилер милиционерлерди сабап коюшту

Кыска кабар | 10 мая 2023 | 297 | 0

УКМКнын Баткен облустук башкармалыгы Чек ара кызматкерлери менен биргеликте Баткен районунун Кара-Бак айылындагы үйлөргө тинтүү жүргүзүшкөн.

Натыйжада Ж.Д. аттуу жарандын үйүнөн аткез жол менен алып келинген, акциздик маркасы жок болжолдуу баасы 1 млн 800 миң сомдук 18 миң куту тамеки табылган.

Товар боюнча протокол түзүлүп жатканда, ошол үйдө турушкан Ж.Д., Ж.Я., Ж.Ж. милиция кызматкерлерине каршылык көрсөтүшүп, кол көтөрүшкөн.

Бул фактынын негизинде Баткен райондук ички иштер бөлүмү Кылмыш-жаза кодексинин 374-беренесинин 2-бөлүгү (бийлик өкүлүнө карата коркутуу же зомбулук көрсөтүү) менен иш козгоп, Кара-Бак айылынын жогоруда аталган 3 тургунун тергөө абагына камакка алган.

УКМК аткезчилик менен алектенгендер, ага тиешеси бар адамдар статусуна жана социалдык абалына карабастан мыйзам чегинде жоопко тартыларын эскертет.

Copyright © 2017 Maral FM