Биз менен байланышыңыз

Муфтият өлкө боюнча 54 млн сом битир-садака топтолгонун билдирди

Кыска кабар | 2 мая 2023 | 208 | 0

Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгы билдиргендей, быйыл битир-садака үчүн жалпы 53 млн 824 миң 441 сом топтолду. Анын 657 миң 881 сому РСК, 900 миң 557 сому Мбанк аркылуу жыйналды.

Битир-садакадан топтолгон каражаттын 60 пайызы, тактап айтканда, 30 млн 681миң 082 сому жергиликтүү мечиттерге, 15 пайызы хатибияттарга (5 млн 785 миң 835 сом), 15 пайызы казыяттарга (8 млн 514 миң 956 сом), калган 10 пайызы муфтиятка (5 млн 167 миң 49 сом) бөлүндү. Битир-садака жергиликтүү мечиттер, хатибияттар, казыяттар, ошондой эле муфтият тарабынан муктаждарга таратылып берилүүдө.

Ислам шариятында битир-садака берүүгө зекет берүү парз болгондор (негизги муктаждыктардан сырткары 85 грамм алтыны же анын наркындагы акчасы барларга) милдеттүү.

Быйылкы Орозо айында бериле турган битир-садака 1 адамга 1 килограмм 600 грамм буудайдын учурдагы базар баасы 50 сомдон эсептелген.

Өткөн жылы 42 млн 247 миң 328 сом битир-садака топтолгон. Мындан сырткары интернет банкинг аркылуу 256 миң 800 сом жыйналган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM