Биз менен байланышыңыз

ӨКМ: Түркияда кырсык болгон аймакта орнотулган боз үйлөр кыргыздыкы

Кыска кабар | 15 Фев 2023 | 279 | 0

Кыргызстандын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги жер титирөөдөн жабыркаган Түркиянын Кахраманмараш шаарында орнотулган боз үйлөр тууралуу маалымат берди.

Мекеменин басма сөз кызматы социалдык тармактарда Түркияда тигилген боз үйлөр казак элине таандык деген кептер тараганын, бирок ал жерде кыргыз боз үйлөрү тигилгенин билдирди. Кийинчерээк Кыргызстандын желектерин илип коюшкан.

«Президент Садыр Жапаровдун демилгеси менен жер титирөөдөн жабыркаган түрк боордошторго боз үйлөр гуманитардык жардам катары 12-13-февралда жөнөтүлгөн. Ал эми 13-февралда өздүк курам менен биргеликте Түркияга учуп барган өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеев Кахраманмараш шаарынан бөлүнгөн тилкеге тигилген боз үйлөр шаарчасына барып, кыргыз элинен келген жардамды жергиликтүү уюштуруучуларга өткөрүп берди», — деп айтылат маалыматта.

Кыргызстандын куткаруучулары Түркиянын Кахраманмараш шаарында сегиз күндөн берки издөө-куткаруу иштеринин натыйжасында жалпы беш адамды тирүү куткарышты, 154 жарандын сөөгүн урандылардын астынан алып чыгышты.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен Түркияда жер титирөө катталгандан бери 115 куткаруучу барды.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM