Биз менен байланышыңыз

Депутат Баткенде камакка алынган аялдын укугун коргоону талап кылды

Кыска кабар | 2 Фев 2023 | 531 | 0

Жогорку Кеңештин депутаты Камила Талиева парламенттин 2-февралдагы жыйынында Баткенде «эки жашар кызын сабаган» деген шек менен айыпталган аялдын укугу тууралуу маселе көтөрдү.

Депутаттын маалыматына караганда, Кадамжай районунда өткөн жылы бир үйдөн эки адам атылып, каза болгон.  Камакка алынган аял ошол үй-бүлөнүн кызы. Камила Талиева ал аял үй-бүлөдө зомбулук көргөнүн, ага психологиялык жактан жардам берүү ордуна тергөө абагына камакка алуу туура эмес экенин айтты.

Ал жолдошунун да жоопкерчилигин кароону талап кылды.

«Кыргызстанда балдарын карабаган эркектер көбөйдү. Мындайга мыйзам жол бербейт негизи. Зомбулук көргөн аялдын укугу унутта калтырылып, ал камалып отурат. Бул резонанс. Мен коомчулукка кайрылам, ал аял эне, психологиялык жактан оор абалда турганда баласын анча-мынча какыс-кукус кылгандыр, баарыбызда бала бар. Бирок аялды камап, балдарынан ажыратып коюу туура эмес. Үй-бүлөлүк зомбулукка кабылган эне, мыйзамдык зомбулукка да кабылбашы керек. Гумандуулукту эч ким жокко чыгара элек», — деди Камила Талиева.

1-февралда Баткендин Кадамжай райондук сотунун чечими менен эки жашар кызын сабаганга шектелген аял бир айга убактылуу кармоочу жайга камакка алынды.

Иштин чоо-жайы төмөнкү шилтемеде: 

Апасы сабаган кыз мамлекеттин камкордугуна алынды

Copyright © 2017 Maral FM