Апасы сабаган кыз мамлекеттин камкордугуна алынды

Баткенде эки жашка толо элек кызын сабаган аял убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин маалымат кызматы кабарлады. 27-январда Кадамжай районунун 1984-жылы туулган тургуну А.Б. арыз менен кайрылып, жарандык никеде жашап жүргөн аялы Кадамжай районунун Марказ айыл аймагынын тургуну Ш.М. 2021-жылы туулган кызын уруп, зомбулук көргөзүп келгендигин билдирип, мыйзам чегинде чара көрүүнү суранган. … Читать далее Апасы сабаган кыз мамлекеттин камкордугуна алынды