Биз менен байланышыңыз

Апасы сабаган кыз мамлекеттин камкордугуна алынды

Кыска кабар | 31 Янв 2023 | 471 | 0

Баткенде эки жашка толо элек кызын сабаган аял убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин маалымат кызматы кабарлады.

27-январда Кадамжай районунун 1984-жылы туулган тургуну А.Б. арыз менен кайрылып, жарандык никеде жашап жүргөн аялы Кадамжай районунун Марказ айыл аймагынын тургуну Ш.М. 2021-жылы туулган кызын уруп, зомбулук көргөзүп келгендигин билдирип, мыйзам чегинде чара көрүүнү суранган.

Тергөөнүн жүрүшүндө, аял 5-январда өзүнүн кызын уруп, уюлдук телефонуна тартып жолдошуна WhatsApp аркылуу жибергендиги аныкталган.

Факты боюнча жаш балага карата соттук-медициналык жана соттук-психолого-психиатриялык экспертизалар дайындалган.

Кылмыш-жаза кодексинин  138-беренесинин 2-бөлүмүнүн 2-пункту (баланы же алсыз абалдагы же күнөөлүүдөн материалдык же башкадан көз каранды болгон адамды уруп сабоо) боюнча кылмыш иши козголгон.

Кичинекей кызына карата зомбулук көрсөткөн Ш. М. 30-январь күнү Кадамжай РИИБнин убактылуу кармоочу жайына 48 саатка киргизилген.

Ал эми Кадамжай райондук мамлекеттик администрациясынын алдындагы балдар иштери боюнча комиссиясынын чечиминин негизинде Ш. М. К. аттуу жарандын үч баласы мамлекеттин камкордугуна убактылуу алынып, Кадамжай районунда жайгашкан «Кут Кадам» үй-бүлө тибиндеги балдар үйүнө милициянын көчмө кабылдамасы менен алып барылып жайгаштырылды.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM