Биз менен байланышыңыз

ИИМ: Кадамжайда ата-баланы өлтүрүп кеткен факты иликтенүүдө

Кыска кабар | 19 Окт 2022 | 231 | 0

18-октябрь саат 22.30 чамасында Кадамжай районунун Марказ айыл аймагынын Көк-Талаа айылынын 61 жаштагы Ш.К. жана 29 жаштагы К. у.Р аттуу тургундарын белгисиз атуулдар ок атуучу курал менен атып, 59 жаштагы Ш.М. аттуу аялды уруп, денесине жараат берип, изин жашырып качып кетишкен.

Бул факт Кадамжай райондук ички иштер бөлүмүнүн маалыматтарды каттоо журналына Кылмыш-жаза кодексинин 122-беренеси (адам өлтүрүү) менен катталып, сотко чейинки өндүрүш иши башталган.

Окуя болгон жерге Кадамжай милициясынын начальниги К.Козубаев ыкчам тергөө тобу менен жетип барып, төмөнкү маалыматтарды тактаган.

Маалыматка караганда, 18-октябрь күнү саат 22.00 чамаларында жабырлануучулардын үйүнө белгисиз жарандар курал менен кирип, эс алып жаткан 61 жаштагы Ш.К. аттуу жаранды көкүрөк жана бетине атып, анын уулу 29 жаштагы К.у.Р. аттуу жаранды башына атып, 59 жаштагы Ш.М. аттуу аялдын башына балта менен уруп, мал сарайын өрттөп, короодо токтоп турган «Хонда-СРВ» үлгүсүндөгү унаасын өрттөөгө аракет кылып, качып кетишкен.

Атылган октон жараат алган жарандар жеринде каза болгон. Ал эми денесинен жараат алган аял Кадамжай райондук ооруканасына жеткирилген.

Учурда каза болгон жарандарга тиешелүү экспертизалар дайындалып, тергөө тобу түзүлүп, иликтөө иштери жүрүп жатат.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM