Connect with us

Өкмөттө туризмди өнүктүрүү долбоорлору талкууланды

Кыска кабар | 13 Янв 2023 | 294 | 0

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров туризмди өнүктүрүүгө багытталган долбоорлор боюнча кеңешме өткөрдү. Жыйындын жүрүшүндө «Туризмди өнүктүрүүнү колдоо фонду» ачык акционердик коому тарабынан иштелип жаткан долбоорлор сунушталды.

Атап айтканда, Баткен облусунун Раззаков шаарындагы 4 жылдыздуу мейманкана комплексинин, Баткен облусундагы санаториялык-курорттук комплекстин жана балдардын ден соолугун чыңдоочу лагердин долбоорлору көрсөтүлдү.

«Туризмди өнүктүрүүнү колдоо фондунун» өкүлдөрү 960 млн доллар 32 бирдиктен турган санаториялык-курорттук объектилер тармагын өнүктүрүү долбоорун сунуштады. Ошондой эле «Ак-Кеме» мейманканасын калыбына келтирүү, өлкө аймактарында глемпинг түйүндөрүн өнүктүрүү, Бишкек шаарына жакын жерде кароо аянтчасын түзүү боюнча долбоорду ишке ашыруу пландары тууралуу маалымат берилди.

Кеңешменин жыйынтыгында Министрлер кабинетинин башчысы тиешелүү мамлекеттик органдарга жана жергиликтүү бийлик органдарына өлкөнүн туристтик потенциалын өнүктүрүүгө багытталган жогоруда аталган долбоорлорду мындан ары иштеп чыгууну тапшырды.

Пикир калтырыңыз

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM