Биз менен байланышыңыз

Ресторандар бир жарым жылга артка кетти

Коом , Кыска кабар | 30 Сен 2020 | 683 | 0

Пандемияга байланыштуу киргизилген чектөөлөрдөн улам ресторан, мейманканалар бир жарым жылга артка кетти. Чектөөлөрдүн айынан 76 млн сом салык жоготууга учураган. Экономика министрлиги жыл башынан бери мейманканалар менен ресторандардын ишмердүүлүгү 45,4 пайызга төмөндөгөнүн билдирди. Ресторандардын ээлери ижара акысын төлөй албай, банкрот болуу коркунучунда турганын айтып, өкмөттөн тойканалардын иштешине уруксат берүүнү өтүнүшүүдө.


Жыл башынан бери мейманканалар менен ресторандардын ишмердүүлүгү 45,4 пайызга төмөндөдү. Бул тууралуу Экономика министрлигинин экономикалык саясат башкы башкармалыгынын тейлөө секторунун саясатын координациялоо бөлүмүнүн башчысы Насирилин Шамшиев билдирди.

Анын айтымында, пандемиядан улам өлкөнүн ички дүң өнүмү 5,9 пайызга төмөндөп кетти. Анын 4,65 пайызы тейлөө тармагына туура келди.

— 2020-жылдын январь-август айларында тейлөө тармагынын дүң чыгарылышы 254,7 млрд. сом көлөмүндө болгон, ошол эле учурда өсүүнүн реалдуу темпи 90,2 пайызды түзгөн. Тейлөө тармагы 11,1 пайызга төмөндөдү. Эң көп мейманкана менен ресторандар таасир берди. 8 айдын жыйынтыгы менен алардын өсүү темпи болгону 54,6%га жетти. Бул тармак жалпы кызмат көрсөтүүнүн 30 пайызын чекене, дүң соода жүгүртүү түзөт. Ошондуктан бул жаат ИДПга көбүрөөк таасир берди. 

«Алтын Казына» ресторанынын жетекчиси Жамбы Мамажанованын айтымында, ресторандын кызматкерлери март айынан бери жумушсуз отурат. Айрым ресторандар артка кетип, банкрот болуу коркунучунда. Мейманкана, ресторандарга санитардык талаптарды сактоо шарты менен иштешине уруксат берүү керек. Анткени бул тармак менен башка секторлор 60% байланышта болот. Учурда тойлор үй шартында өткөнү менен эч кандай санитардык ченемдер сакталбай жатат.

— Бул өз кезегинде коронавирустун жайылуусуна шарт түзүүдө. Мен барган тойдо 30-40 адамды тар бөлмөгө отургузуп алып, 5-6 саат сыйлашты. Вентиляция жок, беткап тагынган жан да жок. Ушундайга караганда тойлордун ресторандарда өткөнү туура. Анткени бизде санитардык нормалар, социалдык аралык сакталат. Пандемиядан бери биз бир жарым жылга артка кеттик. Айрым ресторан ээлери банкрот болуу алдында. 

Ал эми 2020-жылдын 8 айында коомдук тамактануу жайлардан 223 жарым млн сом салык түшөрү күтүлгөн. Бирок коронавирустан улам аталган объектилердин  иши үзгүлтүккө учурап, 76 млн сом жоготуу болгонун Мамлекеттик салык кызматынын бөлүм башчысы Муратбек Жамакеев кабарлады.

— Бюджеттен 46 млн сом жоготуу болуп жатат. Ресторандардан 2017-жылы 239 млн сом, 2018-жылы 269 млн сом, 2019-жылы 291 млн 931 миң сом салык жыйналган болчу. Өлкө боюнча 2836 тамактануучу жай бар. 

Улуттук статистика комитетинин маалыматына ылайык, өлкөдө жыл сайын кеминде 300дөн ашык ресторан ачылат. Өткөн жылы 8 айда ресторан жана мейманканаларда соода жүгүртүүнүн көлөмү 13 млрд сомдон көп каражатты түзсө, быйыл бул көрсөткүч дээрлик 50 пайызга төмөндөп, 7 млрд сомдон ашты.

Анын ичинен акыркы 8 айда соода жүгүртүүнүн көлөмү ресторандарда 7 млрд 107 млн сомду, мейманкана 604 млн сомду түздү. Башкача айтканда, мейманканалардын 70 пайызынын иши токтоп калган. Бул тууралуу аталган мекеменин соода статистикасы башкармалыгынын башчысы Венера Мамбеталиева маалымдады.

Айта кетсек, пандемияда өткөн жылдагы көрсөткүчтөргө салыштырмалуу билим берүү, саламаттыкты сактоо жана байланыш тармагында өсүү байкалган.

Copyright © 2017 Maral FM