Биз менен байланышыңыз

Кытай «Эркечтам» бекети аркылуу жарандарды өткөрө баштады

Кыска кабар | 9 Янв 2023 | 441 | 0

Бүгүн, 9-январдан тарта кыргыз-кытай чек арасындагы «Эркечтам» көзөмөл-өткөрүү бекети жарандарды өткөрө баштады. Бул тууралуу УКМКнын Чек ара кызматынан кабарлашты.

Маалыматка караганда, «Эркечтам» өткөрүү пункту аркылуу жалпы чет элдик паспорту бар жарандар КЭРге кирүү үчүн виза алууга арыз бериши керек.

Ал эми «Торугарт» көзөмөл-өткөрүү пункту Кытайдан Кыргызстанга унааларды жана жүктөрдү гана өткөрүүнү караган атайын алгоритм боюнча ишин улантууда.

Кытайга кирүү үчүн дипломатиялык жана консулдук мекемелеринде атайын ден соолук QR кодун алуу талабы жокко чыгарылды;

Кытайга сапар алган жарандар кетерден мурда 48 саат ичинде жасалган ПЦР-тесттин жыйынтыгы таза чыкканы тууралуу сертификатты көрсөтүшү керек. Бардык жүргүнчүлөр учакка түшкөн учурдан тарта жана Кытайга учуу учурунда беткап кийүүгө милдеттүү болот.

Кытайга баргандар обочолонуудан милдеттүү түрдө өтүү талабы да жокко чыгарылат. Жарандар бажылык ден соолук декларациясын толтурууда тесттин жыйынтыгын көрсөтүшү керек.

Декларацияда ден соолугу начар экендигин көрсөткөн же ден табынын көтөрүлгөнү байкалган жарандар бажы органдарында антиген тестин тапшырышат. Эгер оору аныкталса, айыкканга чейин үй шартында карантин же ооруканада дарылануу сунушталат.

УКМКнын Чек ара кызматы жарандар мамлекеттик чек араны кесип өтүү тартиби боюнча суроолорду 0 312 88 16 18 жана 0 312 54 38 36 телефондору аркылуу берсе болорун эскертет.

Copyright © 2017 Maral FM