Биз менен байланышыңыз

Университеттерге кышында 51 миңден ашуун студент кабыл алынат

Кыска кабар | 24 Дек 2022 | 199 | 0

Жогорку окуу жайлары 2022-2023-окуу жылына кышкы кабыл алуу үчүн 51 мин 462 студентти кабыл алууну пландаштырууда. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 49 жогорку окуу жайы 35 миң 620 студентти күндүзгү окуу формасына, 15 миң 267 студентти сырттан окуу бөлүмүнө, 575 студентти кечки кабыл алууну жарыялады.

Эскерте кетсек, кышкы кабыл алуунун биринчи туруна каттоо 2022-жылдын 26-декабрында башталат. ЖОЖдордун тизмеси жана кабыл алуу багыттары министрликтин сайтында көрсөтүлгөн.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM