Биз менен байланышыңыз

Оң рулдуу унааларга уруксат берүүнү талап кылган акция өтүүдө (сүрөт)

Кыска кабар | 23 Дек 2022 | 578 | 0

Бүгүн, 23-декабрда Бишкектеги Горький паркында оң рулдуу унааларды Кыргызстанга алып кирүүгө уруксат берүүнү талап кылган жарандар акцияга чыгышты.

Алар өлкөгө оң рулдуу унааларды алып кирүүгө уруксат берүү өтүнүчү менен президентке кайрылып, кабыл алуусун талап кылышты.

Кыргызстанда оң рулдуу унааларды ташып келүүгө 2015-жылы тыюу салынган. Өкмөт мындай автоунаалар жол кырсыгынын көбөйүшүнө себеп болуп жатканын жүйө келтирген.

Акыркы убакта техникалык абалы начар унаалар көбөйүп, экологияга кесепетин тийгизип жатканын айтып, оң рулдуу машинелерге уруксат берүү талабы көп айтылып жатат.

Жогорку Кеңештин депутаты Марлен Маматалиев оң рулдуу унааларды алып келүүгө жол ачкан мыйзам долбоорун сунуштаган.

Санариптик өнүгүү министрлиги оң рулдуу унаалардын кузовдорун алмаштырууга тыюу салууну сунуштаган. Конституциялык сот 23-декабрда маалымат таратып, бул жарандардын укугун бузууга жатпайт деп билдирди.

Copyright © 2017 Maral FM