Биз менен байланышыңыз

Катар-2022: Португалия Швейцария курама командасын 6:1 эсебинде жеңип алды

Дүйнө , Кыска кабар , Спорт | 7 Дек 2022 | 743 | 0

Португалия курама командасы Катарда өтүп жаткан футбол боюнча Дүйнө чемпиондугунун 1/8 финалдык беттешинде Швейцария курамасын жеңип алды.

Беттеш, Лусаил Айконик стадионунда өтүп, 6:1 эсебинде Португалия курама командасынын пайдасына аяктады.

Анда, Гонсалу Рамуш хет-трик жасады  (17, 51 жана 67-мүнөттө), оюндун 33 мүнөтүндө Пепе гол киргизсе, Рафаэль Геррейро жана Рафаэль Леау дагы бирден гол киргизишти.

Ал эми, Швейцария курама командасынын жалгыз голун Мануэль Аканджи киргизди.

Турнирде биринчи жолу капитан Криштиану Роналду Португалиянын негизги курамына кире алган жок, анын ордуна Бенфиканын чабуулчусу Гонсалу Рамуш чыкты.

Роналду 74-мүнөттө эсеп 5:1 болуп турганда оюн талаасына чыкты.

Чейрек финалда Португалия Испанияны пенальтилер сериясында сенсациялык түрдө жеңген Марокко менен беттешет.

 

Copyright © 2017 Maral FM