Биз менен байланышыңыз

Катар-2022: Дүйнө чемпионатынын 1/8 баскычынын алгачкы жуптары белгилүү болду

Дүйнө , Кыска кабар , Спорт | 30 Ноя 2022 | 672 | 0

Кечээ, 29-ноябрда Дүйнө чемпионатынын тайпалык этабынын В тайпасында 3-турдун оюндары орун алды.

Беттеште, Англия курамасы Уэльс командасын 3:0 эсебинде утуп алса, АКШ Иран командасын 1:0 эсебинде жеңди.

Ошентип, Англия 7 упай жана АКШ 5 упай менен Катарда өтүп жаткан Дүйнө чемпионатынын плей-офф баскычына жолдомо алышты.

Буга чейин 1/8 финалга чыккан Франция, Бразилия, Португалия, Нидерланды жана Сенегал болгон

Муну менен катар, 1/8 финалынын алгачкы жуптары да белгилүү болду.

3-декабрь АКШ курама командасы  Нидерланды менен беттешсе,  4-декабрда Англия Сенегалдын курама командасы менен кез келет.

Copyright © 2017 Maral FM