Биз менен байланышыңыз

Катар-2022: Испания курама командасы Мароккого пенальтиден утулуп калды

Дүйнө , Кыска кабар , Спорт | 7 Дек 2022 | 471 | 0

Испания курама командасы 2022-жылы Катарда өтүүчү Дүйнө чемпиондугунун 1/8 финалдык беттешинде Марокко курамасына утулуп калды.

Беттештин негизги жана кошумча убакыты голсуз аяктады.

Оюн пенальтилер сериясы менен аяктап, 3:0 эсебинде Марокко курама командасынын пайдасына чечилди.

Марокко курама командасы 36 жылдан бери биринчи жолу дүйнө чемпионатынын 1/4 баскычына чыкты.

Команда F тайпасында Хорватия, Бельгия жана Канададан озуп, 1-орунду ээледи.

Испания болсо Жапония, Коста-Рика жана Германия болуп, тайпада экинчи орунга чыгышты.

Испания 2010-жылы Дүйнө чемпиондугун жеңип алышкан.

Чейрек финалда Марокко курама командасы Швейцарияны 6:1 эсебинде жеңип алган, Португалия менен беттешет.

 

Катар-2022: Португалия Швейцария курама командасын 6:1 эсебинде жеңип алды 

Copyright © 2017 Maral FM