Биз менен байланышыңыз

Катар-2022: Япония Испания курама командасын 2:1 эсебинде жеңип алды

Дүйнө , Кыска кабар , Спорт | 2 Дек 2022 | 427 | 0

Катарда өтүп жаткан футбол боюнча дүйнөлүк чемпионаттын тайпалык этабынын 3-турунун алкагында Япониянын футбол боюнча курама командасы Испания курамасын жеңип алды.

Халифа стадионунда өткөн Е тайпасындагы оюн 2:1 эсебинде Япониянын жеңиши менен аяктады. Беттеште Рицу Доан 48 мүнөттө, Ао Танака 51 мүнөттө гол киргизди.

Жыйынтыгында Япония курамасы 6 упай топтоп, Е тайпасынын турнирдик таблицасында 1-орунду ээледи. Япония командасы тарыхта төртүнчү жолу турнирдин плей-оффуна чыкты (2002, 2010, 2018, 2022).

Испания курамасы 4 упайга ээ болуп, 1/8 финалга  чыгууга мумкүнчүлүк алды.

Германия курама командасы  тайпада үчүнчү орунду алса, төртүнчүгө Коста-Рика курамасы чыкты.

Тайпалык этаптын жүрүшүндө Япония курамасы Германия курамасын утуп (2:1), Коста-Рикалыктарга утулуп калган (0:1).

Дүйнө чемпиондугунун 1/8 финалында Япония курамасы 5-декабрда хорваттар менен беттешсе, 6-декабрь Испания курамасы марокколуктар менен беттешет.

Copyright © 2017 Maral FM