Катарда өтүп жаткан футбол боюнча дүйнөлүк чемпионаттын тайпалык этабынын 3-турунун алкагында Япониянын футбол боюнча курама командасы Испания курамасын жеңип алды.
Халифа стадионунда өткөн Е тайпасындагы оюн 2:1 эсебинде Япониянын жеңиши менен аяктады. Беттеште Рицу Доан 48 мүнөттө, Ао Танака 51 мүнөттө гол киргизди.
Жыйынтыгында Япония курамасы 6 упай топтоп, Е тайпасынын турнирдик таблицасында 1-орунду ээледи. Япония командасы тарыхта төртүнчү жолу турнирдин плей-оффуна чыкты (2002, 2010, 2018, 2022).
Испания курамасы 4 упайга ээ болуп, 1/8 финалга чыгууга мумкүнчүлүк алды.
Германия курама командасы тайпада үчүнчү орунду алса, төртүнчүгө Коста-Рика курамасы чыкты.
Тайпалык этаптын жүрүшүндө Япония курамасы Германия курамасын утуп (2:1), Коста-Рикалыктарга утулуп калган (0:1).
Дүйнө чемпиондугунун 1/8 финалында Япония курамасы 5-декабрда хорваттар менен беттешсе, 6-декабрь Испания курамасы марокколуктар менен беттешет.