Биз менен байланышыңыз

Футбол: Катар өлкөсү Дүйнө чемпионатында тайпадан чыкпай калды

Дүйнө , Кыска кабар , Спорт | 26 Ноя 2022 | 433 | 0

Катар курама командасы Дүйнөлүк чемпионатта тайпадан чыгуу мүмкүнчүлүгүн жоготту.

Бул Нидерланды менен Эквадордун командалары беттешип, 1:1 эсебинде тең чыккандан кийин белгилүү болду.

«А» тайпасында ойногон Катар Эквадорго 0:2 эсебинде, Сенегалга 1:3 эсебинде утулуп калды.

Катар курамасы мындан ары үчүнчү орундан жогору көтөрүлө албайт, анткени Эквадор менен Нидерланды курама командаларында төрттөн упай бар жана тайпалык баскычта ойной турган бир матч калды.

Үчүнчү турда Катар Нидерланды менен беттешет.

Катар өз үйүндө плей-оффко чыга албаган экинчи өлкө болуп калды. Буга чейин, 2010-жылы Түштүк Африка командасы болгон.

Copyright © 2017 Maral FM