Биз менен байланышыңыз

Катар-2022: Испания менен Германия 1:1 эсебинде тең чыкты

Дүйнө , Кыска кабар , Спорт | 28 Ноя 2022 | 389 | 0

Футбол боюнча Дүйнө чемпионатында  Испания курама командасы менен Германия курамасынын оюну тең чыгуу менен аяктады.

Оюндун алгачкы голун 62-мүнөттө испаниялык чабуулчу Альваро Мората киргизсе, 83-мүнөттө Немис чабуулчусу Никлас Фюллкруг  эсепти теңеди.

Буга чейин, Испания курамасы Коста-Рика курамасын  7:0 эсебинде утуп алган.  Ал эми,  Немистер алгачкы беттешинде Япония курама командасына 1:2 эсебинде утулуп калган.

Алгачкы беттеши менен Испания курама командасы төрт упайга ээ жана Е тайпасында турнирдик таблицада биринчи орунда.

Япония жана Коста-Рика үч упай менен экинчи жана үчүнчү орундарды ээлешсе, бир упай менен Германия курамасы акыркы төртүнчү катарда турат.

Акыркы турда испаниялыктар Япония курама командасы менен, ал эми германиялыктар Коста-Рика курамасы менен беттешет.

Эки оюн  тең  1-декабрда өтөт.

 

Copyright © 2017 Maral FM