Биз менен байланышыңыз

Месси: «Биз баары ушундай башталат деп күткөн эмеспиз»

Дүйнө , Кыска кабар , Спорт | 23 Ноя 2022 | 445 | 0

Аргентинанын футбол боюнча курама командасынын капитаны Лионел Месси, Сауд Арабиясына каршы беттеште команданын жеңилип калгандыгы боюнча пикирин билдирди.

«Шылтоо жок. Алардын командасы күчтүү жана алар муну көрсөттү. Бул биздин көптөн берки боло элек оор абалыбыз. Бул баарыбыз үчүн абдан оор сокку. Биз баары ушинтип башталат деп күткөн эмеспиз», — деди ал.


Катар-2022: Дүйнө чемпионаты өтө турган стадиондорго саякат (сүрөт)


Мындан тышкары, эми анын курама командасы мурдагыдан дагы ынтымактуу болоорун кошумчалады.

22-ноябрда Аргентинанын курама командасы Катарда өткөн Дүйнө чемпиондугунун тайпалык баскычында Сауд Арабиясына 1:2 эсебинде утулуп калган. Команда үчүн бул 1990-жылдан бери Дүйнөлүк чемпионаттын баштапкы жолугушуусундагы биринчи жеңилүү.

Катарда дүйнө чемпионаты 20-ноябрда башталып, 18-декабрга чейин уланат.

Катар-2022: Дүйнө чемпионатындагы эң кымбат 10 футболист

Copyright © 2017 Maral FM