Биз менен байланышыңыз

Катар-2022: Дүйнө чемпионатындагы эң кымбат 10 футболист

Блог , Спорт | 22 Ноя 2022 | 1733 | 0

Катарда футбол боюнча дүйнөлүк чемпионат 20-ноябрда башталды. Учурда Дохада өтүп жаткан бул мундиалда эң кымбат деп саналып жаткан жаш футболисттер тууралуу маалымат топтодук.

1. Килиан Мбаппе (Франция) – €160 млн

Франция курама командасынын оюнчусу. 23 жашта. Гонорары 160 миллион еврону түзөт. Спортчу Пеледен кийин дүйнө чемпионатында бир оюнда эки гол киргизген алгачкы жаш оюнчу. Франция үчүн 59 оюнда дарбазага 28 гол киргизген. 2018-жылы өткөн дүйнө чемпионатында Мбаппе 18 жашта дүйнө чемпиондугуна жеткен. Ал ошол чемпионаттагы иштеп тапкан каражатынан 550 миң долларын кайрымдуулука жумшаган.

2. Винисиус Жуниор (Бразилия) – €120 млн

22 жашта. Бразилия курама командасынын оюнчусу. Футболисттин талаа үстүндөгү оюну 120 миллион еврону чапчыйт. “Реал Мадриддин” эң күчтүү чабуулчуларынын бири. Ал 2022-жылдын алкагында 14 оюнга катышып, 6 гол киргизип, 3 голго жардамчы болгон.

3. Филип Уолтер Фоден (Англия) – €110 млн

22 жашта. “Манчестер Ситинин” жарым коргоочусу. Гонорары 110 миллион евро. Англиянын ийгиликтүү оюнчуларынын бири. Командасы менен бирге 2020-жылы үч беттеште ойноп, Европа чемпионатында күмүш байгеге ээ болгон.

4. Федерико Сантьяго Вальверде (Уругвай) – €100 млн

24 жашта. Уругвай курамасынын оюнчусу. “Реал Мадриддин” жарым коргоочусу. Футболисттин учурдагы баасы 100 миллион евродон өйдө бааланат. Вальверде бул сезондо 14 оюнда 8 гол киргизүүгө үлгүргөн.

5. Жамал Мусиала (Германия) – €100 млн

19 жашта. Германиянын улуттук курамасында ойнойт. Бавариянын “жаңы жылдызы”. Жаш футболист 14 оюнда, 9 гол киргизүүгө жетишкен. Ал учурда 100 миллион евронун тегерегинде бааланат. УЕФАнын суперкубогун уткан жана өз өлкөсүндө эки жолу чемпион болгон.

6. Джуд Виктор Уильям Беллингем  (Англия) – €100 млн

19 жашта. “Боруссиянын” жарым коргоочусу. Англиялык талантту футболчунун гонорары 100 миллион еврону тузөт. Бул сезондо 15 оюнга катышып, 3 голдун автору болгон.

7. Педри (Испания) – €100 млн 

19 жашта. Күйөрмандары Педри деп таанышат. Жаш футболист бүткүл Европага тааныла алды. Исапниялык оюнчунун гонорары жылдан жылга көбөйүүдө, учурда 100 миллион еврону түзөт.

8. Букайо Сака (Англия) – €90 млн 

Англиялык оюнчу. “Арсенал” футбол клубунда ойнойт. 21 жаштагы футболисттин оюну 90 миллион еврого чейин бааланат. Сака бул сезондо 14 оюнга катышып, дарбазага 4 гол киргизип, 6 голго жардамчы болгон.

9. Гави (Испания) – €90 млн 

Испания курамасынын быйыл дүйнөдө жылдызы жанат деп күткөн оюнчуларынын бири. «Барселона» клубунун оюнчусу, быйылкы сезондун эң жаш футболисти.

10. Ҳарри Кейн (Англия) – €90 млн 

«Тоттенхэм» клубунун чабуулчусу. Ал 29 жашта экенине карабай кымбат бааланган футболчу. Ал Англия курамасынын ушул мундиалдагы жылдыз оюнчусу.

Катар-2022: Дүйнө чемпионаты өтө турган стадиондорго саякат (сүрөт)

 

 

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM