Биз менен байланышыңыз

Катар-2022: Дүйнө чемпионаты өтө турган стадиондорго саякат (сүрөт)

Блог | 2 Ноя 2022 | 5086 | 0

Ушул жылдын 20-ноябрында Катарда футбол боюнча дүйнөлүк чемпионат башталат. Катар өз тарыхындагы эң ири спорттук иш-чарага катуу даярдык көрүп, курулуш иштери дээрлик аяктап калды. Дүйнө чемпионаты үчүн жалпы 8 чоң стадион курулду. Стадиондордун курулушу, өзгөчөлүктөрү тууралуу маалыматтарды бир жерге топтодук.

Катар өткөрө турган чемпионат ыкчамдыгы менен айырмаланууда. Анткени бардык беттештер борбор калаа Доханын айланасында өтөт. Бири-биринен эң узак делген стадиондордун арасы 75 км.

«Ал-Байт» стадиону

Ачылышы: 2021-ж

Сыйымдуулугу: 60 000 миң орундуу

Бул стадиондо ДЧ-2022 ачылыш аземи жана группалык тандоо оюндары, жарым финалдык беттештер өтөт. «Ал-Байт» Доха борборунан 46 км алыстыкта жайгашып, эң узактагы арена. Стадиондун сырткы көрүнүшү чоң чатырга окшошуп, анын дизайны тарыхта Перс булуңундагы ак сөөктөр колдонгон салттуу чоң чатырлардан улам алынган. Стадиондун чатыры өзү ачылып-жабылат.

60 миң көрүүчү бата турган стадион дүйнөлүк чемпионат аяктаган соң, 32 миңдик орунга кичирейтилет жана жергиликтүү «Ал-Хур» футбол клубу машыгуучу жайга айланат. Ал эми чемпионат үчүн салынган имараттардын көпчүлүгү беш жылдыздуу мейманкана болот.

Лусаил Спорт Арена

Ачылышы: 2022

Сыйымдуулугу: 80 000 орундуктуу

Лусаил – дүйнөлүк чемпионаттын негизги аренасы. Бул стадиондо группалык беттештер, жарым финал жана финал оюндары өтөт. Стадион Доханын борборунан 20 км алыстыкта жайгашкан. Ага 80 миң көрүүчү батат.

Лусаилдин сырткы көрүнүшү араб дүйнөсүнө таандык кол өнөрчүлүккө тиешелүү пиала жана башка идиштерге түшүрүлгөн оюмдардан эргүү алып жасалган. Эң кызыгы бул стадион чемпионат бүткөн соң бузулат, анткени курулуш атайын жеңил конструкция менен курулууда жана келечекте стадиондун ордуна көп функциялуу борбор тургузулат. Анда мектеп, оорукана жана парк ичине камтылат.

«Xalifa International» стадиону

Ачылышы: 1976-жылы

Кайрадан оңдоп-түзөө: 2017-жыл

Сыйымдуулугу: 45 416 орундуктуу

Дүйнө чемпионаты өтө турган стадиондордун бирөөсү гана турнир үчүн курулган эмес. Калган жети стадиондун баары жаңы курулду. Бирок «Xalifa Intenational» эски стадион экенине карабай, салкындатуучу системалары толук жаңыланып, жарыктандыруусу автоматташтырылып, 12 миң орундукка кеңейтилди. 2022-жылдагы дүйнөлүк чемпионат жыйынтыкталган соң, бул стадион Катардын негизги спорттук аренасы катары ишин улантат.

«Ас-Сумама» стадиону

Ачылышы: 2021

Сыйымдуулугу: 40 000 орундуктуу

«Ас-Сумама» стадиону Орто Чыгыштагы жаштар жана эркектер кийген баш кийим — куфиятка окшоштурулуп курулган. Бул жерде тайпалык жана чейрек финалдык оюндар өтөт.  Чемпиоанат бүткөндөн кийин «Ас-Сумама» орундуктары 20 миңге азайып, эки эсе кичирейтилет. Ошондой эле футбол стадиону катары эмес, көп функциялуу борборго айланат. Трибунанын жогорку кабаттары бутик-мейманканаларга айланып, спорттук клиника жана соода борборлору уюштурулат.

«Аҳмад бин Али» стадиону

Ачылышы: 2020

Сыйымдуулугу: 44 740 орундуу

«Аҳмад Бин Али» стадиону Дохадан 22 км алыстыкта Ар-Райян шаарында жайгашкан. Бул стадион да оюндар жыйынтыкталган соң эки  эсе кичирейтилип, 20 миң орундуктуу спорт борборуна айланат.

«974» стадиону

Ачылышы: 2021-жылы

Сыйымдуулугу: 40 000 орундуктуу

Дүйнө чемпионаты тарыхындагы өзгөчө стадион. Бул арена 30 миң тонна темир конструкциядан жана 974 жүк контейнериден курулду. Стадиондун аты да дал ушул 947 санынан улам коюлган. Стадиондун бардык интерьери — кийинүүчү бөлмөлөр, калыстар бөлмөсү ж.б баары контейнерлердин ичинде жайгашкан.

«974» — стадионунда жасалма салкындатуучу система орнотулган эмес. Желдетүү табигый жол менен контейнерлер арасындагы тешиктер жана трибуналардын арасында атайын калтырылган жайлардан шамал жүрүп ишке ашат. Мындан сырткары деңиздин шамалы менен да салкындатуу эсепке алынган. Бул стадиондогу бардык беттештер кечки салкынга белгиленген.

Чемпионат аяктаган соң «974» аренасы бузулат. Контейнерлер кайрадан эле жүк ташуучу компанияларга кайтарылып берилет. Ал эми 30 миң тонна конструкциялык темирди кайра сатышат. Сатып алган тарап ошол эле конструкцияны колдонуп башка шаарда же өлкөдө ушундай стадионду тургузуп алса болот.

«Эдакейшн Сити» стадиону

Ачылышы: 2020-жылы

Сыйымдуулугу: 45 350 орундуктуу

Стадион «Ар-Райян» аймагында жайгашып, айланасында «Билим шаары» деп аталган университет кампустары бар. Стадиондун аты да кампустан улам коюлган. Дүйнөлүк чемпионат жыйынтыкталган соң стадиондун жогорку кабаты бузулуп, конструкциялары жакыр өлкөлөргө белекке берилет.

«Ал-Жануб» стадиону

Аылышы: 2019-жылы

Сыйымдуулугу: 40 000 орундуктуу

Стадион Дохадан 20 км алыстыкта жайгашкан Ал-Вакра шаарчасында жайгашкан. Бул стадион дүйнөлүк чемпионат өтүүчү шаардын түштүк тарабында эң акыркы жайгашкан. Аренанын долбоорунун үстүндө атактуу архитектор Заха Ҳадид иштеген. Стадиондун чатыры жабылат. Иш-чаралар жыйынтыкталган соң, аренанын аймагы 20 миң орундукка кыскарат.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM