Биз менен байланышыңыз

Футбол. Катар — 2022: Капитан Кичин кийинки оюнга катышпайт

Кыска кабар , Спорт | 20 Ноя 2019 | 2614 | 0

Футбол боюнча Кыргызстандын улуттук курамасынын капитаны Валерий Кичин кийинки беттешке катышпайт. Кичин кечээ Тажикстан курамасына каршы беттеште эскертүү (сары айып кагазын) алып калды.

Курамалар 2022-жылы өтүүчү дүйнө чемпионатына тандоо турунун алкагында беттешип, оюн 1:1 тең чыгуу менен аяктады.

Беттешке кошумча берилген убакытта тажикстандык футболчунун эрежеден тыш оюнуна ачуусу келген Кичин аны түртүп салды. Эки тараптын футболчуларынын арасында чыр чыкты. Бул үчүн катардык калыс Абдулрахман Ибрахим Аль-Жассим Тажикстандын 14-номердеги оюнчусу Шериддин Бобоевди жана Валейрий Кичинди сары айып кагазы менен жазалады.

Кыргызстандын негизги коргоочусу биринчи айып кагазын Мьянмага каршы беттеште алган. Эми тандоо турунун кезектеги турунда Кыргызстан курамасы 31-мартта Мьянма менен конокто кездешет. Бул оюнда Валерий Кичин ойнобойт.

Copyright © 2017 Maral FM