Биз менен байланышыңыз

Футбол. Кыргызстан – Япония беттешин сауд аравиялык калыстар тейлешет

Кыска кабар , Спорт | 14 Ноя 2019 | 678 | 0

Футбол боюнча 2022-жылы өтүүчү дүйнөлүк чемпионатка жана 2023-жылы боло турган Азия Кубогуна тандоо турунун алкагындагы Кыргызстан – Япония беттешин Сауд Арабиялык калыстар тобу тейлейт.

Мохаммед Аль-Хойш башкы рефери болот. Ал эми Фахад Аваедх жана Хешан Альрефаи каптал калысы катары кызмат кылышат. Шукри Хуссайн Альхунфуш резервдеги калыс болот.

Улуттук курама бүгүнкү беттеште кызыл түстөгү кийим менен ойнойт. Ал эми коноктор оюнга өзүлөрүнүн жаңы асман-көк түстүү кийими менен чыгышмакчы.

Бүгүн, 14-ноябрда Кыргызстандын улуттук курамасы Японияны кабыл алат. Беттеш Бишкектеги Дөлөн Өмүрзаков атындагы борбордук стадиондо саат 17:15те башталат.

Бул этапта Кыргызстан улуттук курамасы “F” тайпада Япония, Тажикстан, Монголия жана Мьянма курамалары менен күч сынашууда.

Төртүнчү турдун жыйынтыгында Япония 9 упай менен тизмеде сап башында келе жатат. Кыргызстан 6 упай топтоп, экинчи сапта турат.

Copyright © 2017 Maral FM