Биз менен байланышыңыз

Футбол: Тажикстан курамасынын негизги коргоочусу Кыргызстанга каршы оюнга чыкпайт

Кыска кабар , Спорт | 15 Ноя 2019 | 1717 | 0

Футбол боюнча Тажикстан курамасынын негизги коргоочусу Даврон Эргашев Кыргызстанга каршы оюнга чыкпайт.

2022 — дүйнө чемпионатына тандоо турундагы Кыргызстанга атаандаш команданын коргоочусу кечээ Мьянма менен беттеште сары айып кагазын алып калды. 31 жаштагы коргоочу Японияга каршы беттеште да сары айып кагазын алган. Эрежеге ылайык, эми ал алдыдагы беттешке катышуу укугунан ажырады.

Эскерте кетсек, 19-ноябрда Бишкектеги Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо Кыргызстандын улуттук курамасы Тажикстанды кабыл алат. Курамалардын биринчи беттеши Дүйшөмбү шаарында өтүп, Тажикстан курамасы 1:0 эсебинде уткан.

Тандоо турунда Тажикстан төрт беттеш өткөргөн. Эргашев бардык беттеште толук ойногон.

Copyright © 2017 Maral FM