Биз менен байланышыңыз

Футбол. Кыргызстан – Тажикстан курамалары беттеш алдындагы маалымат жыйын курушат

Кыска кабар , Спорт | 18 Ноя 2019 | 1499 | 0

Бүгүн футбол боюнча Кыргызстан – Тажикстан курама командалардын машыктыруучулары, команда капитандары беттеш алдындагы маалымат жыйынын өткөрүшөт. Эки кураманын башкы машыктыруучулары Александр Крестинин жана Усмон Тошев өз командаларынын абалы, беттешке даярдыктары тууралуу кеп салышат.

Тажикстандын футбол боюнча курама командасынын мүчөлөрү кечээ, 17-ноябрда Бишкек шаарына учуп келишти.

Эртең, 19-ноябрда командалар 2022-жылы боло турган дүйнөлүк чемпионатка боло турган тандоо турунун алкагында беттешет. Оюн саат 20:00дө Бишкек шаарындагы Дөлөн Өмүрзаков атындагы башкы спорттук аренада өтөт.

Эки команданын Дүйшөмбү шаарындагы беттешинде Тажикстан курамасы 1:0 эсебинде утуп алган.

Copyright © 2017 Maral FM