Биз менен байланышыңыз

Кыргызстан дин тарыхын окутууда өз моделин калыптандырат

Коом | 11 Ноя 2022 | 554 | 0

Кыргызстандагы орто мектептерде 9-класс үчүн «Диндердин өнүгүү тарыхы» сабагы окутулуп жатат. Президент Садыр Жапаровдун 8-июндагы жарлыгына ылайык, «Диндердин өнүгүү тарыхы» сабагы жаңы окуу жылынан баштап базалык окуу планына киргизилген.

Ушул күндөрү бул предметти кандай окутуу керек, дагы кантип жакшыртса болот деген суроолор талкууга ачык. 11-ноябрда «Ыйман» диний маданиятты өнүктүрүү фонду да тегерек стол уюштурду. Анда сөз сүйлөгөн Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын төрагасы Тойгонбай Абдыкаров мектептерге диндердин тарыхын окутуу сабагын киргизүүдө бир топ кемчилик болгонун моюндап, мугалимдерди табуу да маселе жаратканын айтты.

Ошентсе да сабак окутула баштады жана өксүктөр бара-бара толукталат.

Кыргызстанда динди «кыргыз модели» кылганга умтулуп жатабыз. Бул кандай? Салттуу динге кайталы деп жатпайбызбы. Бирок салттуу дин десе, «сүмөлөгү бар» дин деп түшүнбөш керек. Ал ата-бабабыз илгертен карманган дин. Мисалы, өзүбүздүн сүйлөсөк сөзүбүз элге сиңген сөздөрүбүз, риторикаларыбыз, жайылта турган методубуз бар. Ал эми талаш-тартыштар болсун, бирок ошентип отуруп, туура, таза динди сунуштайлы. Дискуссия дайыма керек.

Кыргызстанда дин тутуу эркиндиги бар, бирок ар бир жаран өзү карманган дин тууралуу маалыматы, түшүнүгү болушу керек. Ошондо радикалдуу аракеттерге барбайт. Мектептерде диндин тарыхын окутуунун негизги максаты ушул.

Билим берүү мыйзамдарынын нормаларына ылайык «Диндердин өнүгүү тарыхын» окутуунун предметтик стандарты иштелип чыккан.

Билим берүү жана илим министрлиги предметтик стандарт өлкөдөгү кыргыз, орус, өзбек, тажик жана башка тилдерде окуткан бардык окуу жайлар үчүн бирдей экенин билдирген. Бул предмет окуучуларга диндерди жана алардын мазмуну, адеп-ахлак, улуттук баалуулуктар жөнүндө түшүнүк берет.

Быйылкы окуу жылында «Диндердин өнүгүү тарыхы» сабагы 9-класстарга окутула баштады. Кийинки жылдардан 7-8-класстарга да киргизиле баштайт. Жалпысынан аталган предметти 7-11-класстарга окутуу максат кылынган.

Дин жөнүндө түшүнүк берүү аракети убагында кабыл алынган чечим болгонун Кыргызстандын муфтийи Замир Ракиев айтты.

Ар бир бала молдо болуп кетсин деген максат жок. Болгону өзүнүн динин тааныган, башка диндин өкүлдөрүн да сыйлагана, толеранттуу балдардын өсүп чыгышын каалайбыз. Мектептерде диндин тарыхын окутуу учурдун талабы экенин чет мамлекеттердин дин өкүлдөрү менен жолукканда да  айтып жатышат.

Светтик мамлекетте дин таануучулук кандай окутулушу керек?

Кыргыз билим берүү Академиясынын Социалдык жана гуманитардык билим берүү лабараториянын башчысы Муратбек Иманкулов, «Диндердин өнүгүү тарыхы» предметинин укуктук-нормативдик базасы боюнча маалымат берди.

Биринчи концепция «Дин таануучулук» деген аталышта 2010-жылы иштелип чыккан. Андан кийин 2014-жылы жаңыланган варианты иштелип чыгып, ал Коопсуздук кеңешинин чечими менен бекитилген. Окуу китеби даярдалып, үч жолу сынактан өткөн. 2017-жылы өкмөттүн токтому менен окуу китеби даяр болгон. Кийин пандемияга байланыштуу процесс токтоп калып, 2021-жылы «Диндердин өнүгүү тарыхы» аталышында кайра киргизилди.

Учурда жаңы стандарттар кабыл алынып, тарых предметинин ичинде да диндердин пайда болушу, баалуулуктары жөнүндө окутуу пландалып жатат. Согуштар тууралуу тарых сабактарын кыскартып, түрдүү улуттагы жана түрдүү диндеги улуттар менен ынтымакты бекемдөө, конфликттен алыс болууну үйрөтүүгө басым жасалат.

Диндердин баалуулуктарын көбүрөөк окутуу керек. Мурда саясий тарыхка көп көңүл бурулуп, окутулуп келген. Азыр согуштардын тарыхы кыскартылып жатат. Себеби диний негизде Кыргызстанда согуштар болгон эмес. Келечекте да ушундай чыр-чатактын алдын алып, ар башка улуттун, диндин өкүлдөрү менен ынтымакта жашоого үндөө максат кылынууда.

Мисалы, коңшуларда динди кысмакка алган, куугунтуктаган, түрмөгө отургузган учурлар бар. Бул радикализмдин, экстремизмдин күчөшүнө алып келет. Биз ошого жеткирбей, толеранттуулукка үндөгөн багытыбызды сакташыбыз керек.

Мадумаров: Диндердин тарыхын окутуудан коркпоо керек

Глобалдашуу учурунда жаштардын радикализмге агылып жатканы дүйнөлүк коркунуч жана мындай учурда Кыргызстанда да диндер тууралуу окутуу абдан керек экенин дин таануучу Кадыр Маликов айтат.

Бул сабактан чочулоого негиз жок экенин жана ал нейтралдуу маалыматтарды берерин кошумчалады.

Диндердин тарыхын окутуу — светтик өлкө деген принциптерге эч кандай каршы келбейт. Ал түрдүү конфессиялардын руханий, нравалык системасынын принциптерин камтыйт. Бул абдан жакшы, аны үйрөнгөн балдарга кайсы бир деңгээлде эмдөө болот десек жаңылышпайбыз.

Менин оюм боюнча, деструктивдүү секталардын азгырыгынан коргой турган бул предметти киргизүү — абдан актуалдуу, керек болсо биз кадрларды даярдоодо бираз кеч калдык. Батыш Европа, КМШ мамлекеттеринде мындай сабактар бар.

Албетте окуу китебинде мүчүлүштүктөр бар, бул боло турган нерсе. Эң башкысы, жолго чыктык, маанилүүсү ушул, калганы процесс учурунда оңдолот.

«Диндердин өнүгүү тарыхы» предмети китеби 72 миң 500 нускада чыгарылды, мугалимдер үчүн 2400 усулдук колдонмо иштелип чыккан.

Жарлык боюнча, диндердин тарыхын теологиялык, педагогикалык, психологиялык билим алган, же кайра даярдоодон өтүп, сертификат алган мугалимдер окутат. Эгер кадр жетишпесе, тарых мугалими кайра даярдоодон өткөрүлүп, окута берет.

Билим берүү жана илим министрлигинин мектепте билим берүү жана китеп чыгаруу саясаты башкармалыгынын жетектөөчү адиси Амангелди Сыдыбаев жалпы 2550 мугалим окутуудан өткөнүн маалымдады.

Министрликтин алдында мугалимдерди кайра даярдоо борбору бар. Ал жерде 2550 мугалим кайра окутуудан өттү. Башкача айтканда, ушул багытта квалификациялык талаптарга жооп берген кадрлар тандалгандан кийин министрликтен кайра даярдоодон өтүп, сертификат алышты. Ага чейин тренерлер даярдалган, ошолор окутушту.

Бул сабак коомдук зарылчылыктан улам киргизилип жатат. Ошол себептен биз жарлыкка таянып, окутуп жатабыз.

«Диндердин өнүгүү тарыхы» сабагында Ислам дини гана окутулбайт

Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин теология факультетинин окутуучусу Уланбек Калмурза уулу, «Диндердин өнүгүү тарыхы» предметинин мааниси тууралуу буларды айтты.

Бул предметтин кирүүсү менен көптөгөн диний, улуттар аралык жана башка чыр-чатактардын алдын алууга болот. Мамлекет өзүнүн жарандарына дин тууралуу өзү маалымат бербесе, чет өлкөгө барып, башка элдин улуттук өзгөчөлүгүн бизге дин деп импорттогон учурларды көрүп келдик.

Коопсуздук жагынан карасак, ар кандай радикалдык уюмдарга кирип кеткендердин 80-90 пайызы такыр маалыматы болбогон үчүн кирип кеткенин көрдүк. Ошондуктан биз жарандарга, өзгөчө мектеп окуучуларына башка диндер, же агымдар тууралуу маалымат берсек, алдын алган болот элек.

«Меники гана туура, мындан башка акыйкат жок» деген диний фанатизмге баргандар көп. Эгер бул сабакты окутсак, балдар диний агымдарга аралашып кетерде ар тараптуу маалыматтарды анализдөөгө тандоосу болот.

Англия, Германия же бизге жакыныраак Түркияны алсак, алар да бизге окшогон светтик өлкө, бирок дин маданиятын таануу сабагы окутулат. Алар өздөрү моделин иштеп чыгып, өнүктүрүп келишкен. Бизде кемчиликтер болушу мүмкүн, бирок өзүбүздүн улуттук баалуулуктарга ылайыктап, өзүбүздүн моделди калыптандыруу керек.

«Ыйман» диний маданиятты өнүктүрүү фондунун тѳрагасы Зикрулло Махамат уулунун пикирине кезек берели:

-Бул предмет киргенден бери биринчи жолу ушундай талкуу уюштурулуп жатат. Ал аркылуу жаштардын диний көз карашын калыптандырып, сабаттуулугун арттырууну көздөйбүз. Өнүккөн өлкөлөрдө бул жакшы натыйжа бергенин айта алабыз. Китептерди «Ыйман» фонду басып чыгарды. 

Кыргызстанда жалпы 2 миңден ашык мектеп бар. Жарлык боюнча, бул предметтен сабак берген мугалимдердин диний секталарга жана агымдарга тиешеси жок, жогорку теологиялык билими жана педагогика, психология, окутуу методикасы жаатында квалификациясын жогорулатуудан же кайра даярдоодон өткөнү жөнүндө сертификаты болушу керек.

Copyright © 2017 Maral FM