Connect with us

«Диндердин өнүгүү тарыхы» сабагында Ислам дини гана окутулбайт

Кыска кабар , Пикирлер | 13 Июн 2022 | 1746 | 0

Быйылкы жаңы окуу жылынан тарта 9-класстарга эки чейрек «Диндердин өнүгүү тарыхы» предмети окутула баштайт. Мындагы максат диний көз караштан улам келип чыккан араздашууга бөгөт коюп, дин аралык мамилени бекемдөө экенин Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын экспертиза жана диний уюмдар менен кызматташуу бөлүмүнүн башчысы Айбек Иминов «Маралдын» эфиринде билдирди.

Окуучуларга дүйнөдөгү бардык дин туурасында маалымат берилип, агымдар жана конфессиялар жөнүндө сөз болбой турганын айтты.

«Биздин өлкөдө ар кандай диндерди карманган 100дөн ашык этностун өкүлү жашайт. Алар боюнча окуучуларга маалымат берүү, диний билим берүүнү кеңири калыптандыруу коомдук зарылчылык болуп жатат. Улуттар аралык мамилени бекемдөө мамлекетте чон роль ойногондуктан ушул сабакты киргизүү демилгеси көтөрүлгөн».

Дин таанууну окутуу гуманитардык билим берүүнүн курамдык бөлүгү болуп, өсүп келе жаткан муунга жана жаштарга дин, анын тарыхы, адамзаттын жашоосундагы ролу, маданияты, руханий адеп-ахлак чөйрөсү жөнүндө объективдүү илимий багыт берилет.

Бул сабак жумасына бир сааттан өтүлөт, жалпы 34 саат бөлүнгөн.

Пикир калтырыңыз

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM