Биз менен байланышыңыз

Астанада кыргыз киносунун күндөрү ачылды

Кыска кабар | 26 Окт 2022 | 214 | 0

Бүгүн, 26-октябрда Астана шаарында Кыргызстандын маданият күндөрүнүн алкагында кыргыз киносунун күндөрү расмий ачылды.

Ачылышта кино күндөрүнүн делегация жетекчиси Мукталы Бектеналиев, Казакстандын маданият жана спорт вице-министри Нуркиса Дауешов сөз сүйлөдү.

Анда эки өлкөнүн кино ишмерлеринин чыгармачылык байланышы, соңку жылдары Кыргызстан менен Казакстандын маданият жана кинематография жаатындагы жигердүү өнүгүп жаткан мамилелери даңктуу тарыхка ээ экендиги белгиленди.

Кино күндөрүнүн ачылышына эки өлкөнүн кино ишмерлери, Астанада жашап жана иштеп жаткан мекендештер, кыргыз киносунун күйөрмандары катышты.

Кыргыз киносунун күндөрү 29-октябрга чейин уланып, Астана шаарындагы «Керуен» оюн-зоок-соода комплексинини кино залында өтөт. Кинолор күнүнө эки ирет, саат 12:00 жана 19:00дө акысыз көрсөтүлөт.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM