Биз менен байланышыңыз

Кыргызстандан алтындын рудасын жана концентратын экспорттого тыюу салынат

Кыска кабар | 26 Окт 2022 | 283 | 0

Президент Садыр Жапаров «Кыргыз Республикасынан алтын камтыган руданы жана алтын камтыган концентратты ташып чыгарууга убактылуу тыюу салууну киргизүү жөнүндө» Жарлыкка кол койду.

Ага ылайык, 2023-жылдын 1-майынан тарта Кыргызстандын аймагында казып алынган жана өндүрүлгөн алтын камтыган руданы жана алтын камтыган концентратты (ЕАЭБ ТЭИ ТН 2616 90 000 0 коду менен классификацияланган) экспорттоого алты айлык мөөнөткө убактылуу тыюу салуу белгиленүүдө.

«Кара-Балта тоо-кен комбинаты» ачык акционердик коомуна өлкө аймагында казып алынган жана өндүрүлгөн алтынды кайра иштетүүгө өзгөчө укук берилүүдө.

Мамлекеттик бажы кызматы жана УКМКнын Чек ара кызматы ушул Жарлыкта көрсөтүлгөн товарларды мыйзамсыз ташып чыгарууга бөгөт коюуга багытталган зарыл чараларды көрүшү зарыл.

Министрлер кабинети белгиленген тартипте убактылуу тыюу салууну 2023-жылдын 1-ноябрынан тарта ар бир алты айда узартып туруу тапшырылды.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM