Биз менен байланышыңыз

Жанар Акаев кармалган саясатчылар боюнча пикирин билдирди

Кыска кабар | 23 Окт 2022 | 1319 | 1

Жогорку Кеңештин депутаты Жанар Акаев саясатчы, активисттердин кармалышы боюнча пикирин билдирди.

Ал фейсбуктагы баракчасында видео кайрылуу жасап, бүгүнкү камоолор акылга сыйгыс көрүнүш экенин айтты жана аларды тез арада бошотууну талап кылды.

«Жарандык активисттердин, саясатчылардын, блогерлердин үйүнүн тинтилиши, камакка алынышы өтө өкүнүчтүү окуя жана өтө чоң мыйзам бузуу. Анткени Конституцияда так жазылган, жарандар кандай гана болбосун өзүнүн ой-пикирин ачык билдирүүгө укугу бар. Кайсы бир маселе боюнча оюн айтып койгону үчүн алардын бала чакасынын планшеттеринен бери алып кеткени, өздөрүн камакка алганы — акылга сыйбаган көрүнүш. Демократиялуу, эркин Кыргызстанда мындай окуя кечирилгис. Ошондуктан кармалгандарды тез арада бошотууну талап кылам, анткени алардын кармалышы мыйзамсыз.

Биз диктатуралык мамлекетке айланбашыбыз керек. Ички ынтымактын ыдырашына жол бербейли. Өлкөдө кайсы бирин камап койсо эле башкаларынын да «оозу жабылып», унчукпай калбайт. Бир гана диалог керек» , — деди депутат.

«Кемпир-Абадды коргоо» комитетин түзгөн оппозициялык саясатчылар менен жарандык активисттер, блогерлердин үйү тинтүүгө алынып, милиция көбүн кармап кетти.

ИИМдин расмий маалыматына ылайык, Кылмыш жаза кодексинин 36-278-беренеси (“Массалык башаламандыктарды уюштурууга даярдануу”) менен козголгон кылмыш иштин алкагында тергөө амалдары жүргүзүлүп жатат.

Тергелип жаткан кылмыш ишинин алкагында айрым адамдардын массалык башаламандыктарды уюштурууга жана даярдоого, андан кийин бийликти мыйзамсыз басып алуу боюнча иштерге катыштыгы бар экендиги боюнча далилдер алынган.

1 пикир

1 пикир

  1. Ленара Ниязбекова

    23.10.2022 16:40

    Ачуу душман, акыл дос. Вазир жакшы — хан жакшы. Элдин кусурунан өткөн кусур жок. Ынтымак менен чечилген жыйынтык жакшы…

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM