Биз менен байланышыңыз

Такси кызматынын жөнгө салынбаган баа саясаты

Коом | 21 Окт 2022 | 487 | 0

Бишкекте «Яндекс» ишканасынын таксилерине болгон баанын кескин кымбаттап кеткени байкалууда. Буга байланыштуу жергиликтүү тургундар нараазычылыгын билдирүүдө. Мындан сырткары бул маселе Жогорку Кеңештин жыйынында да бир катар депутаттар тарабынан көтөрүлдү. Депутаттар өкмөттөн бул маселени тез арада карап берүүсүн талап кылышты. Ал эми аталган компаниянын такси айдоочулары жол киренин акысы кымбаттады деген пикирди четке кагышат. 

Бишкек шаарында «Яндекс» ишканасына караштуу таксилердин жол акысы кымбат болушу жашоочулар арасында нараазычылыкты күчөттү. Алардын бири Акдана Калыбекова бир канча жылдан бери жумушуна байланыштуу ушул такси менен каттап жүргөн. Бирок ал азыр бул такси кызматын колдонууга шарты жетпей жатканын айтты.

«Акыркы күндөрү «Яндекс» таксилеринин лимити аябай өсүп жатат. Күндөн күнгө өсүп жатат. Буга чейин жеткен жерлерибизге, азыркы күндө эки эсе төлөп жатабыз. Биздин алган айлык маянабыз туура келбей калып жатат. Акыркы күндөрү маршрут менен жүрүүгө туура келүүдө. Азыр кээде гана зарыл учурда колдонуп жатабыз. Мурун арзан убагында жумушума байланыштуу көп жүрчүмүн ушул таксиде. Ал эми азыр колдонууга мүмкүнчүлүгүм жетпей жатат».

«Яндекс таксинин» айдоочулары ар бир буйрутмадан түшкөн каражаттын 15 пайызын ишканага которот. Мисалы, буйрутма 200 сом чыкса, анын 30 сомун беришет.

Атын атагысы келбеген айдоочу 1 жылдан бери «Яндекс такси» кызматында иштейт. Ал жол киренин акысы кымбаттап кетти деген пикирди четке какты. Айдоочу учурда яндекстин пайыздык чени, ошондой эле күйүүчү май да кымбат болуп жатканын жүйө келтирди.

«Мен бул кызматта 1 жылдан бери иштейм. Мен жол кирени кымбаттап кетти деп эсептебейм. Күйүүчү майга болгон баанын да кымбат болуп жатканын эске алуу керек. Мындан сырткары «Яндекстин» пайыздык чени да жогору. Тыгын болгон учурда гана жолкире кымбаттап жатат. Тыгында турганда сөзсүз түрдө күйүүчү май кетет. Кардарды бир жактан экинчи жакка жеткирүү үчүн бир топ убакыт сарпталат. Менин оюмда «Яндекс» Бишкектеги эң арзан таксилердин бири».

Айдоочулар менен таксисттер профсоюзу билдиргендей, азыркы күндө «Яндекстин» белгиси чапталган унааларды ижарага алып, айдап жүргөн айдоочулар жергиликтүү компаниялар менен иштеше албай келүүдө.

Себеби «Яндекс» Кыргызстанга салык төлөбөйт. Ошондой эле тарифтик маселени ортого салып чечпей, бааларды кескин көбөйтүп жатышат. Ошол себептен жергиликтүү компаниялар бул ишкананы колдобой келет.

Ал эми «Яндекс» ишканасы айдоочунун башка таксопаркта иштеген же иштебегенине карабастан, баары менен иштеше берет. Анткени бул кырдаалда аталган компания эч кандай жоготууларга учурабайт. Тескерисинче, ишкана үчүн бул пайдалуу.

Ошондуктан, көбүнчө айдоочулар биринчи жергиликтүү компанияга ишке кирип, андан соң «Яндекс» компаниясына жумушка катталышат. Ал жакка ишке кирүү оңой, ал эми онлайн катталуу үчүн 5 мүнөт гана керектелет.

20-октябрда Жогорку Кеңештин жыйынында Бишкек шаарындагы коомдук транспорт, такси маселеси, баанын жогору болуп жатканы боюнча маселе көтөрүлдү.

Депутат Марлен Маматалиев жүргүнчүлөр бара турган жерине жете албай жатканын, «Яндекс такси» кызматынын баасы кескин кымбаттаганын айтты.

Ал Монополия мыйзамынын 4-беренесине ылайык, толук текшерүүнү башташ керектигин билдирди.

«Борбор калаабызда транспорттук кризис келатат. Жөнөкөй эл жумуштан үйгө, үйдөн жумушка жете албай, окуучулар кыйналууда. «Яндекс такси» башында 80 сом менен баштап, азыр 400, айрым жерде 500 сомго чейин жетип жатат. Монополия мыйзамынын 4-беренесине ылайык толук текшерүүнү башташ керек. Эмнеге бааны көтөрүп жатышат? Бензин кымбаттаган жок, тескерисинче баа түшөт. Транспорт министрлиги kg.taxi кызматын уюштуруп койсо болот эле го. Эч кандай кыйынчылыгы жок. Болгону карта кетет, бирок акчанын баары бизде калат эле, «Яндекс таксинин» баары Орусияга кетип атат».

Дагы бир эл өкүлү Марат Мураталиев «Яндекс такси» менен Бишкектин ичинде жүргөнгө караганда, Ысык-Көлгө баруу арзан болуп калганын мисал келтирди.

 «Бул жерде алар «Яндекс такси» тууралуу сүйлөшүштү. Мен да кошулам буга. Эми Бишкектин бир жерден экинчи жерге жол киреге алынган акчага Ысык-Көлгө баруу арзаныраак. Ушуга көңүл бурсаңыз. Күлкү, бирок бул чындык. Ысык-Көлгө бара турган акчага – 300-400 сом. Бул жерде Бишкекте бир жерден экинчи чекитке кээде мындан да көп жол киреге акы алышат».

«Яндексти» буйрутма кылган жүргүнчү иш жүзүндө анын тиркемесин гана пайдаланат. Чакырууга жергиликтүү компаниянын бир таксисти келет, ал компания болсо «Яндекс» менен кызматташат. Айдоочуга түшкөн пайданын 12 пайызын «Яндекске» берет, калган 3 пайызы жергиликтүү таксопаркка которулат.

Өлкөдө 10 чакты такси кызматы бар. Алардын ичинен «Яндекс такси» кызматы көп жайылган. Мындан тышкары өз алдынча жүргүнчү ташыган айдоочулар да бар.

Бир жыл мурун жергиликтүү такси айдоочулары «Яндекс» кызматын рыноктон чыгарууну талап кылып, акцияга чыгышкан. Алар ишкана көптөгөн айдоочуну өз катарына тартып алганы менен комиссияны көбөйткөнүн, жергиликтүү кызматтар атаандаштыкка туруштук бере албай жатканын айтышкан.

 

Copyright © 2017 Maral FM