Биз менен байланышыңыз

Текебаев Бавария парламентинин президенти менен жолугушту

Кыска кабар | 21 Окт 2022 | 260 | 0

Кыргызстандын Германиядагы элчиси Өмүрбек Текебаев Бавария федералдык аймагына биринчи жумушчу сапарын жасап, анын алкагында Мюнхен шаарында Бавариянын Ландтагынын (аймактык парламентинин) президенти Илзе Айгнер менен жолугушту.

Текебаев Кыргызстандагы демократиялык өнүгүү, улуттук экономиканын артыкчылыктуу тармактары жана ири инвестициялык долбоорлор, Борбор Азия чөлкөмүнүн географиялык жана геосаясий абалы, эл аралык экономикалык кризистин Кыргызстанга тийгизген терс таасири тууралуу маалымат берди.

Кыргызстан менен Бавария федералдык аймагынын ортосундагы парламенттер аралык, соода-экономикалык, маданий-гуманитардык чөйрөлөрдө, ошондой эле кесиптик билим берүү тармагында кызматташууну чыңдоо тууралуу сөз болду.

Мындан тышкары, Баварияда Кыргызстандын жарандарын ишке орноштуруу боюнча пикир алмашуу болду.

Текебаев Ильзе Айгнерди Кыргызстанга иш сапары менен келип кетүүгө чакырды. Бул жолугушууга Кыргызстандын Бавария жана Тюрингия федералдык аймактарындагы башкы консулу Райнхольд Креммель катышты.

Copyright © 2017 Maral FM