Биз менен байланышыңыз

Юрист: Айдарбеков төрагалыктан одоно мыйзам бузуу менен алынды

Кыска кабар | 20 Окт 2022 | 687 | 0

Бүгүн, 20-октябрда Жогорку Кеңештин депутаттары Чыңгыз Айдарбековду Жогорку Кеңештеги Эл аралык иштер, коргонуу, коопсуздук жана миграция боюнча комитеттин төрагалыгынан алуу чечимин колдоду.

Парламенттеги үч фракция жана эки депутаттык топ Айдарбековду төрагалыктан чакыртып алуу чечимин чыгарган. Ал чечим добушка коюлуп, жыйынга катышкан депутаттардын 43ү «макул», 16сы «каршы» добуш берди.

Бул аракет одоно мыйзам бузуулар менен коштолгонун көпчүлүк депутаттар айтышты.

Юрист Замир Жоошев мыйзамдагы жол-жобо кандай экенин түшүндүрдү.

«Жогорку Кеңештин регламенти» жөнүндө мыйзамдын 28-беренесинде айтылат, эгер комитеттин төрагасын кетирүү демилгеси парламенттин кароосуна түшсө, чечим келип түшкөндөн тарта кеминде 72 саттын ичинде каралышы керек. Андан эрте каралса болбойт деп белгиленген.

Чыңгыз Айдарбековду комитет төрагалыгынан алуу тууралуу сунуш бүгүн эле берилип, бүгүн дароо каралып калды. Бул мыйзамды одоно бузуу деп эсептейм.

Экинчи маселе, кээ бирлер комитеттин төрагасын чакыртып алуу үчүн жок дегенде 50 депутат макулдугун бериши керек эле деп айтып жатат. Бүгүнкү добуш берүүдө 43 депутат колдоду. Мындай ойлор балким мыйзам так эмес жазылып калганына байланыштуу болушу мүмкүн. Мен мыйзамдын бардык нормаларын карап чыктым. Ал жерде айтылат: жыйында 50дөн кем эмес депутат катышышы керек, ал жерде отургандардын көпчүлүгү «макул» деп добуш берсе комитет төрагалыгынан алынат. Бул жагынан алганда мыйзам бузулган жок.

Бирок жалпысынан мыйзамдын бир эле талабы аткарылбаса, иш мыйзамсыз болуп эсептелет» , — деп билдирди Замир Жоошев.

Чыңгыз Айдарбеков комитеттин төрагалыгынан алынды

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM