Биз менен байланышыңыз

Чыңгыз Айдарбеков комитеттин төрагалыгынан алынды

Саясат | 20 Окт 2022 | 869 | 0

Чыңгыз Айдарбеков Жогорку Кеңештеги Эл аралык иштер, коргонуу, коопсуздук жана миграция боюнча комитеттин төрагалыгынан алынды.

Бүгүн, 20-октябрда Жогорку Кеңештеги беш фракциядан Айдарбековду төрагалыктан чакыртып алуу чечими түшкөн. Ал добушка коюлуп, жыйынга катышып жаткан депутаттардын 43ү «макул», 16сы «каршы» добуш берди. Натыйжада Чыңгыз Айдарбеков тармактык комитеттин төрагалыгынан алынды.

Депутат Гуля Кожокулова спикерди жана кесиптештерин мыйзам чегинде чечим кабыл алууга чакырды. Анын пикиринде, Айдарбековго байланыштуу саясий прецедент түзүлдү.

«Бул прецедент ар бирибизге жана бардык комитет жетекчилерине таасир этиши мүмкүн. Талаш-тартыштар көп, бирок биз Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер боюнча комитеттин корутундусун алышыбыз керек. Парламенттин юридикалык кызматынын корутундусу болушу керек. Эгер чечим кабыл алсак, анда ал мыйзам чегинде болушу керек» , — дейт Гуля Кожокулова.

Айдарбековду комитет төрагалыгынан алуу чечими парламентке «Ата Журт-Кыргызстан», «Ишеним» жана «Ынтымак» фракциялары, ошондой эле «Мекенчил», «Элдик» депутаттык топторунан түшкөн.

Айдарбеков өзүнө ишеним көрсөтпөөнү сунуштаган фракциялардын чечимине даттанбай турганын журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып айткан.

«Мен кеткенге даярмын, адилеттүүлүк үчүн бул этапты да басып өтүү керек. Мен буга чейин да айткандай, комитетке келишимдин документтери толук берилген эмес. Аларды мурдагы күнү карадым, дагы деле толук эмес. Документтер боюнча менде суроолор бар. Бүгүн ал тууралуу кесиптештериме айтып берем», — деди Айдарбеков.

Ал буга чейин кыргыз-өзбек чек ара маселесине байланыштуу келишим долбоору боюнча чечимге комитет төрагасы катары кол коюудан баш тарткан.

«Бүтүн Кыргызстан» фракциясынын лидери Адахан Мадумаровдун пикиринде, Чыңгыз Айдарбековду эл аралык иштер боюнча комитеттин төрагалыгынан алууга жүйөлүү аргумент айтылган жок.

«Мына ушундай чечим кабыл алынгандан кийин эч нерсеге таң калбашыбыз керек. Ар бир чечим кабыл алып жатканда комитеттин жүйөлүү аргументин укчу элек, азыр уккан жокпуз. Мейлим эми, комитеттен кетүү же комитеттин төрагалыгында отуруу чоң бакыт эмес. Бирок кечээ колдоп, бүгүн алып, эртең башкасын коюп, бүрсүгүнү аны кетирип, канча жүзүбүз бар экенин көрсөтүп жатабыз. Мейли, тарых кийин өзүнүн баасын берет ар бирибизге».

Юрист Замир Жоошев мыйзамдагы жол-жобо кандай экенин түшүндүрдү.

«Жогорку Кеңештин регламенти» жөнүндө мыйзамдын 28-беренесинде айтылат, эгер комитеттин төрагасын кетирүү демилгеси парламенттин кароосуна түшсө, чечим келип түшкөндөн тарта кеминде 72 саттын ичинде каралышы керек. Андан эрте каралса болбойт деп белгиленген.

Чыңгыз Айдарбековду комитет төрагалыгынан алуу тууралуу сунуш бүгүн эле берилип, бүгүн дароо каралып калды. Бул мыйзамды одоно бузуу деп эсептейм.

Экинчи маселе, кээ бирлер комитеттин төрагасын чакыртып алуу үчүн жок дегенде 50 депутат макулдугун бериши керек эле деп айтып жатат. Бүгүнкү добуш берүүдө 43 депутат колдоду. Мындай ойлор балким мыйзам так эмес жазылып калганына байланыштуу болушу мүмкүн. Мен мыйзамдын бардык нормаларын карап чыктым. Ал жерде айтылат: жыйында 50дөн кем эмес депутат катышышы керек, ал жерде отургандардын көпчүлүгү «макул» деп добуш берсе комитет төрагалыгынан алынат. Бул жагынан алганда мыйзам бузулган жок.

Бирок жалпысынан мыйзамдын бир эле талабы аткарылбаса, иш мыйзамсыз болуп эсептелет» , — деп билдирди Замир Жоошев.

Чыңгыз Айдарбеков «Альянс» фракциясынын депутаты. Ал 45 жашта. 1998-жылдан бери Тышкы иштер министрлигинде түрдүү кызматтарда иштеген.

Президенттик Аппараттын тышкы байланыштар бөлүмүндө,

Жогорку Кеңештин Аппаратынын эл аралык мамилелер бөлүмүндө иштеген.

2016-18-жылдары Кыргызстандын Япониядагы элчиси;

2018-2020-жылдары Тышкы иштер министри болгон.

Жогорку Кеңештин 7-чакырылышына «Альянс» саясий партиясы менен шайланып келген.

2022-жылдын март айында Жогорку Кеңештеги Эл аралык иштер, коргоо коопсуздук жана миграция боюнча комитетинин төрагасы болгон.

Copyright © 2017 Maral FM