Биз менен байланышыңыз

Алмаз Мамбетовго карата төрт кылмыш иши тергелүүдө

Кыска кабар | 18 Окт 2022 | 576 | 0

Ош шаарынын мэри Алмаз Мамбетовго карата төрт кылмыш иши тергелип жатат. Бул тууралуу «Маралга» Башкы прокуратуранын маалымат катчысы Сирожиддин Камолидинов тастыктады.

Анын айтымына караганда, Алмаз Мамбетов Балыкчы шаарынын мэри болуп тургандагы ишмердүүлүгү боюнча төрт кылмыш иши козголду.

«Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренеси «Кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу» боюнча иштер Алмаз Мамбетов Балыкчы шаарынын мэри болуп турган мезгилде козголгон. Учурда иш тергелип жатат. Кылмыш иши боюнча мэрден тышкары мэриянын башка кызматкерлери да айыпталууда. Мамбетовдун Ош шаарындагы ишмердүүлүгүнө тиешеси жок» , — ал.

Башкы көзөмөл органыннын маалыматы боюнча, буга чейин бул иш боюнча Балыкчы шаарынын биринчи вице-мэри Азиз Асаналиев кармалган. Ал 11-октябрда үй камагына чыгарылган.

Алмаз Мамбетов 2014-2019-жылдары Балыкчы шаарынын мэри болуп иштеген.

Copyright © 2017 Maral FM