Биз менен байланышыңыз

Президент жылытуу мезгилине даярдык боюнча кеңешме өткөрдү

Кыска кабар | 17 Окт 2022 | 269 | 0

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 17-октябрда күз-кыш жылытуу мезгилине даярдык, элге жана мекемелерге көмүр жеткирүү маселелери боюнча жумушчу кеңешме өткөрдү.

Жыйынга Акылбек Жапаров баштаган министрлер кабинетинин мүчөлөрү, президенттик администрациянын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн жетекчилери, ошондой эле тармактык мамлекеттик мекемелердин жетекчилери катышты.

Энергетика министри Таалайбек Ибраев күз-кыш мезгилине карата даярдыктын жүрүшү тууралуу маалымат бергени кабарланды, бирок кандай маалыматтар айтылганы ачыкталган жок.

Садыр Жапаров көмүрдүн баасынын ашыкча өсүшүнө жол бербөө боюнча чараларды көрүү, көмүрдү темир жол транспорту менен ташуу үчүн жеңилдетилген тарифти колдонууну тапшырды.

Ошондой эле, жылытуу мезгилинен ийгиликтүү өтүү үчүн энергетикалык объектилерди реконструкциялоо иштерин тыкыр көзөмөлгө алууну камсыз кылуу зарылдыгы белгиленди.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM