Биз менен байланышыңыз

«Көлмө» конушундагы №78 мектептин жаңы корпусу ачылды (сүрөт)

Кыска кабар | 17 Окт 2022 | 466 | 0

Бишкек шаарынын четиндеги «Көлмө» жаңы конушундагы №78 мектеп-гимназиясынын жаңы корпусунун ачылышы болду. Ага министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров, Бишкек шаарынын мэри Эмилбек Абдыкадыров катышты.

Аянты 2309 чарчы метр болгон мектептин жаңы имараты 380 окуучуга ылайыкталган. Жаңы корпуста 15 окуу бөлмөсү, жыйындар залы, китепкана, спорт залы, футбол, баскетбол жана волейбол аянтчалары бар.

Учурда Бишкектеги №78 мектеп-гимназиясы 1564 окуучуга эсептелген.

«Буга чейин мектептердин курулушуна көпчүлүк учурда 5-6 млн сомдун тегерегинде акча каражаты бөлүнүп, капсулалар салынып, курулуш иштери бир нече жылга созулуп кеткен. 30 жыл ичинде жалпысынан 28 мектеп курулса, быйыл бир жылда 16 мектепти курдук. Мектептердин жетишсиздиги көйгөй жараткан жаңы конуштарга өзгөчө көңүл бурулду«, — деди Акылбек Жапаров.

Быйыл өкмөт 15 мектеп жана бир бала бакча курууну пландаган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM